Депутат Жолдошбаев: "Бишкектин вице-мэри мэрдин ишин артка тартып жатат"
Депутат Камчыбек Жолдошбаев Бишкек шаарынын мэрин жасап жаткан иштерин белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-октябрда парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Жолдошбаевдин айтымында, аталган шаардын мэри Азиз Суракматов мурунку мэрлерге караганда иштеп жатканын айтты.
“Бишкектин азыркы мэри келгенден бери 60 көчөнүн 40 көчөсүнүн жолдору оңдоп-түзөлдү. Мурунку мэрлер оңдойбуз деп эле жолдорду жаап, шаар элине кыйынчылык жаратчу. Суракматовдун ишинде жылыш бар, өрттөнүп кеткен жерлерди сейил бак кылам деп жатат. Тил билүүсүн айта бербейли, ал өндүрүштөн келген бала, жаш экен иштетип энергиясын алалы. Ошол эле мезгилде вице-мэр Бакыт Дүйшөмбиев мэрдин ишин артка тартып, жаман көрсөтүп жатат”, - деди Жолдошбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

