super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Орозо айы – ниетибизди тазалап, ыйманыбызды бекемдей турган мезгил"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 8-июлда жалпы кыргызстандык мусулмандарды Орозо айы менен куттуктады. Куттуктоодо мындай деп жазылат. 

"Урматтуу мекендештер! Момун мусулмандар!

Жогорку Кеңештин жалпы депутаттарынын атынан баарыңыздарды улуу Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм. Ыйык Орозо айы – ниеттерибизди тазалоонун, ыйманыбызды бекемдөөнүн мезгили. Бул айда ынтымак менен ырашкерликке, кайрымдуулук менен күйүмдүүлүккө умтулуу, жасаган ишин жалаң жакшылыкка багыштоо парз болуп саналат.

 

Мен дагы ушул ыйык учурда Кыргызстан калкынын ар бүлөсүнө бакубат турмуш каалайм, коомубузда өз ара түшүнүүчүлүк, өлкөбүздө тынччылык өкүм сүрүшүн тилейм. Бири-бирибизге кайрымдуу, жакындарыбызга күйүмдүү журт бололу. Жараткан элибизди ынтымак менен ырашкерликтен айырбасын. Орозоңуздар кабыл болуп, жалаң жакшылык жылоолосун!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: