super.kg logo

Соода аянтындагы төңкөрүш: "Фрунзе” гипермаркети кантип жаңыланууда

 

Бишкектеги "Дордой Плаза II" соода борборунда 29-сентябрь күнү “Фрунзе” гипермаркети ачылды. Улуттук мультиформаттагы “Фрунзе” чекене тармагы муну менен жаңы концепциядагы "Фрунзе-Гурме" деп аталган экинчи дүкөнүн ачканын жарыялады. Ага ылайык, соода жайында орнотулган күркөлөр жаңы дизайн жана жагымдуу өңдөр менен жасалгаланган.“Фрунзе-Гурме” күн сайын өздөрү өндүргөн көп түрлүү тамак-аштар менен камсыздайт. Ошондой эле дүкөнгө дүйнөнүн ар бир бурчунан келген деликатес азыктар тамак-ашка өтө кылдат маани берген гурмандарга чейин канаттандыра алат.

Соода түйүнүндөгү сатылган товарлардын баалары орто жана кардарлардын капчыгына зыян келтирбөөгө басым жасалган. Бул жерден турмуш тиричилигине керектелүүчү жана оригиналдуу товарларды гана эмес, ресторандын деңгээлиндеги даяр тамак-аштарды табууга болот.

Дүкөндүн ачылышында атайын Европадан чакырылган шеф-поварлар Кыргызстандыктар үчүн тааныш эмес ингредиенттерди алып келишкен. Алардын колунан даярдалган тамак-аштар уникалдуу жана өзгөчө даамдуу болууда. Ал эми пицца такай итальян ыкмасында даярдалып жатат."Фрунзе-Гурмедеги" сунушталган бардык жаңы товарлар дыкат текшерүүдөн өткөрүлгөн. Бул жерде, албетте, өз категориясындагы мыкты продуктулар сатылат. Гастрономиялык изденүүдөгү биздин аракетибиздин жыйынтыгы туура тамактануу жана апалардын рецепттериндеги даярдалган тамак-аштар. Демек “Фрунзе-Гурмедеги” тамак-аштар үйдөгүдөн кем эмес. Компаниянын мындай өзгөрүүсү кардарлардын сатып алуу адатынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу. Жаңы "Фрунзе-Гурме" мына ушундай заманбап кардарлар үчүн ачылды.Учурда Кыргызстанда үч башка форматта иш алып барган 19 “Фрунзе” дүкөнү бар. Алар: "Фрунзе", "Фрунзе-Экспресс" жана "Фрунзе-Гурме".

"Фрунзе" гипермаркетинде тамак-ашка керектелүүчү продуктулардан тартып үйгө эң керектүү товарлардын баары бар.

"Фрунзе-Экспресс" күн-түн режиминде алгачкы эң керектүү товарларды сунуштайт.

"Фрунзе-Гурме" ар түрдүү категориядагы товарлары бар гипермаркет, анда кардарлар каалаган товарларын таба алат.

“Фрунзе-Гурме” - Бишкектеги эң чоң соода жайы. Анын аянты 4 миң чарчы метрден кенен.

“Фрунзе-Гурме” - бул сатып алуунун жаңы деңгээли.


кошулду





Dordoi Plaza II соода маркетиндеги "Фрунзе-Гурменин" ачылышы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
19.10.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жакшы жанылык экен .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: