Жогорку Кеңештин 75 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өткөрүлөт
Жогорку Кеңештин 75 жылдыгына карата "КРнын Жогорку Кеңешинин 75 жылдыгы: Мыйзам чыгаруу ишинин абалы жана анын келечеги" деген теманын алкагында илимий-практикалык конференция өткөрүү белгиленүүдө. Буга байланыштуу конференцияга катышууну каалагандардын баяндамаларынын тезистерин 2013-жылдын 5-сентябрына чейин Чүй проспектиси, 205 дареги (720053) аркылуу ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин дарегине же shamildu@mail.ru, beki_2008@mail.ru.электрондук почтага салып жиберүү керек. Тезис кыргыз же орус тилинде, 1,5 интервал менен, 2 барактан ашпоого тийиш.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

