super.kg logo

Орусиялык ырчы Анита Цойдун концерт учурунда ден соолугу начарлап ооруканага жеткирилди

 

Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Анита Цойдун ден соолугу начарлап, дарыгерлердин коштоосунда Москва шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилди. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ырчыга экинчи ирет операция жасалат.

Белгилүү болгондой, Анита Цой октябрь айынын башында өтүнө операция жасаткан. Кыска аралыктагы дарылануудан кийин ырчы Орусиянын бир катар шаарларына концерт коюп баштаган. Бирок Краснодар шаарындагы концертте ырчынын абалы начарлап, дарыгерлердин жардамына муктаж болгон. Аны ооруканага жеткирип медициналык кароо жасаткандан кийин дарыгерлер ырчыга операция жасатуу керектигин айтышкан. Ал эми Анита Цойдун концертин уюштурууну колго алган Дмитрий Бушуев кийинки операция жеңил болорун билдирген. "Экинчи операция жеңил эле болот. Ал эми ырчынын концерттери белгисиз мөөнөткө жылдырылат" деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: