super.kg logo

Орусиялык ырчы Мистер Кредо музыканын дабышын бийик чыгарып укканы үчүн айыпталды

 

"Чудная долина" ыры менен белгилүү болгон орусиялык ырчы Мистер Кредо музыканын дабышын бийик чыгарып укканы үчүн айыпталды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, 45 жаштагы ырчынын үстүнөн анын кошуналары арызданган.

Маалым болгондой, Мистер Кредо түн кирип калганда, тагыраагы, кечки саат 11:00дө музыканын дабышын бийик чыгарып, кошуналарына тынчтык берген эмес. Кошуналары ырчыга музыканын дабышын азайтып угуусун суранган. Бирок Мистер Кредо алардын суранычын аткаруудан баш тарткан. Мындан улам кошуналары полиция кызматкерлерин чакырууга мажбур болушкан.

Полиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин ырчы күнөөсүн моюнуна алып, 2 миң рубль өлчөмүндөгү айып пул төлөгөн.

Мистер Кредо каймана аты менен таанылган Александр Махонин 1972-жылы 22-ноябрда Украинанын Чуднов районунда төрөлгөн. Ал "Чудная долина", "Медляк" ырлары менен белгилүү болгон. Ырчынын 23 жаштагы Арсений аттуу уулу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: