super.kg logo

Ырчы Айпери Кубик кызы "Ош" эл аралык аэропортуна нааразычылыгын айтып чыкты. Аэропорттун жообу

 

Ырчы Айпери Кубик кызы "Ош" эл аралык аэропортунун ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын айтып, айрым кызматкерлер жоопко тартылсын деди. Бул окуя тууралуу SUPER.KG порталы ырчыга байланышып, төмөндөгүдөй жооп алды.

"Мени Орусиянын Саратов шаарында жашаган мекендештер 21-октябрда тойго чакырган. 20-октябрда Сүлүктү шаарында тойдо болгондуктан Ош-Москва-Саратов рейсине билет алып койгом. Тойдон чыгып аэропортко барып жүгүмдү тапшырып жатып "жүгүм калып калбасын, тойго барганда уят болбоюн" дегем. Саратовго жеткенде жүгүмдү таппай койдум. Мени менен чогуу келгендердин жүктөрү келди. Бир эле меники жок. Анан Москва менен Саратовдун аэропортторуна арыз менен кайрылсам, кечирим сурап: "Бизден кетсе чыгымыңарды төлөп бермекпиз. Бирок жүгүңүз келген жок" дешти. Дароо эле атама (ред.: Кубик Калыков) чалып, иштин чоо-жайын айттым. Ал сураштырса, жүгүм Оштогу аэропортто калып калыптыр. Аэропорттун кызматкерлерине чалып "эмнеге жүгүм калып калды" десем, катасын моюнуна алып, кечирим сурагандын ордуна жүктөгөндөргө шылтап коюшту. Өзүбүздүн кызматкерлер ушинтип жатышканы жанымды кейитти.

Ал эми тойго барбай калган жокмун, бардым, бирок той ээлеринин алдында уят болуп, сөзгө калдым. Менин чыгымдарымды аэропорт өз колуна алышы керек", - дейт ырчы.

Ал эми аталган окуя боюнча "Манас" эл аралык аэропортуна кайрылганыбызда, басма сөз кызматы кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

"Учурда окуя боюнча кызматтык иликтөө иши башталды. Эмнеге бир жүргүнчүнүн жүгү калып калганын, ага ким жооптуу экени аныкталса, жоопко тартылат. Иликтөө иши аягына чыкса, толук маалымат берилет", - дейт маалымат кызматынан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(21)
24.10.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-41
Бир тойдо 400$ кайрып кетип атышат. Анан чыгымды төлөп бер дегени кантет. Көп болсо бир билет 10.000 сомда
24.10.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+45
Tyty1990,Бул жерде тойдон канча алдын деген соз болгон жок аэропорттун жумушчуларынын шалаакылыгын айтып жатат.Аэропортор биринчи жолу эмес мындай учурлар коп болот Москвага учуп келгендерде.
24.10.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Туура айтат чындыгында аэропорттогулар орой мамиле жасашат! Мекенди сагынып келсен уйуно чакыртпай келген коноктой кылышып эмне келдин дегендей орой мамиле кылып тосушат!Ичинден гана айтасын мен келбесем башкалар келбесе кетпесе силер бул жерде иштемек эмессинер жада калса ак уйдогулорда мигранттардын акчасы менен жашап жатышат деп.Москвага барсан сенен биринчи алар салам беришип калп болсода жылуу маанайда тосуп алышат кайра жонотушот!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-10-24 17:21:39
24.10.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Москвада жалоба жаман кучтуу иштейт. Мисалы мага 50 гр жалоба учун 3000 р штраф келген. А бир орус кыз бир крушка кофе учун жалобага моментально жумуштан кетирген.Кеп шалаакылык, тоготпостук, кебелбестик, сабатсыздык, карангылык, тууганчылык, тушунуктун тайкысыздыгы,эптеп жумушка илешип алып озун хандын баласындай сезгендик.КРда БишкектеГос жумушта иштегендер аман эле болгула (копчулугу)Диплоп эле чечпейт кызматынарды. Саморазвитие мн алектенип обслуживаниени высокое качество кылгыла госуслуганы
25.10.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Djal1987,сизге 100 пайыз кошулам
24.10.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Госто иштегендер аман эле болушсун. Ошон учун Кыргызстан онукпой атат. Азыр онуккон заманда, бир айлык план деп документтерин ручной жазып отурушат. Электронный вариантка дагы эле отуп бутушо элек.
24.10.2018. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
аэропортогулар акча эле сурашат .
документинден бир нерсени шылтоо кылып куттуруп койот. 2 сааттан кийин бир кабинетке чакырат дагы акча сурашат . Айрыкча доверенность менен жаш балдарды алып кетип жаткандарды сындырышат
24.10.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уят болуп бутпой койдук го эч эле.
24.10.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул кырбызбайдын аеропорту милиция Доктур эээ койчу полный ошол крда аман эле болгулачы багажым 300грам ашып кетсе 10$дешип негизи чет олколордо 13 олкодо болдум ручной клади текшерген бир эле Кыргызстан ды кордум тооба таразага тартып 300грам ашып кетсе толо деп откозбой ыйлатышкан мени манаста
24.10.2018. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оа бир аз коз салып коюшса болмок Ош аэропортуна.Башка жактан учуп келгендерге уят эле болобуз.Жолдошумдун паспорту РФ.ы ар бир рейсте болор болбос шылтоо менен кармап тура беришет.Акча умут кылышып.
25.10.2018. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менда оштон учканда шылтоо таппай косметичкамда кайчы бар болчу кичинекей ошону алып калган.Тейлоо отто начар суйлоо эрежелерин билишпейт оздоруно сезилбейтго бирок мен озум уялып кеткем карап туруп.
25.10.2018. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дискети калып кетип уят болду да живой ырдай алганында уят болмок эмессин
25.10.2018. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ruchnoi ele bagaj kylyp ele kotorush kerek kerektuuu buiumdardy, ech kimge ech kaisy jerde ishenich artpagyla, ozuno sak bol biroonu uuru tutpa deit. Mmen KGdan Franciyaga uchkanynmda,bagajym kelbei kaldy ele, ertesi kunu erten menen eerte AIR France bagajymdy uigo cheiyn alyp kelip tashtap ketishken bolchu.
25.10.2018. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оштун аеропортун кичине карап койсо болмок
25.10.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Срочно Ош Аеропортунун начальнигин иштен алыш керек мындайда, Айпериге самалетко кеткен акчасын туда и обратно кайтарсын, жана за моральный ушерб 100 мин сом толоп берсин.
25.10.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оштун аэропортуна соз жок. Мен да келгенде багажым ачып алтындарым алып коюшкан. Жоопкерчилик жок.
25.10.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен да Оштун аэропорту начар иштейт деп айтаар элем. Бирн жолу Оштон Бишкекке учсам, багажым Москвага кетип калыптыр. Москвага 3 кун саякаттап анан келди. Мен ага чейин Бишкекте ишимди бутуруп Ошко келип калдым. Анан кайра-кайра аэропортко каттап зорго таптырдым багажды, ачсам ичинде фэним жок. Тайнесинин жеке аэропорту баштанып кызматкерлери баары эле мурдулары асманда,копол мамиле жасашат,тейлоо маданиятын такыр билишпейт. Аэропорттун штатын толук жанылаш керек негизи.
25.10.2018. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айпериге бала барбы Бишкектен эле учпайсынбы? чырга калбайтлен Ошко караганда Бишкекте кичине жакшырааак тейлейт жургунчулорду тарбиядан башташ керек корбогондун коргону курсун дегендей сабаты жоктор эле иштейт Оштогу аэропортто .
25.10.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kamalbek,бишкекте деле туздашат
25.10.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир,эки жолу за моральный ущерб толотушуп коюшса,мурдунан курту тушуп миленький болуп калмак!!! Буюмун жоголдубу арыз жаз толосун,Айпери туура кылат мен кошуламын ,ишти аягына чейин чыгар бекем туруп,азаматсын!!!
25.10.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оштун аэропорту ар дайым эле ушундай.Канча жолу сумкаларыбызды таппай калганбыз Питерге жеткенде.Ал жактын аэроп.сурасак жуктолбоптур дешкен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: