super.kg logo

Тажикстанда туулган күнүн үй-бүлөсү менен эмес, курбулары менен майрамдаган кызга айып салынды

 

Тажикстандын Хожент шаарынын Азиза Бобожонова аттуу тургуну 17-сентябрь күнү туулган күнүн белгилөө үчүн жергиликтүү ресторандардын бирине 6 курбу кызын чакырган. Ал бул күнү 25 жашка чыгып жаткан. Бул жоругу үчүн туулган күн ээсине прокуратура тарабынан жакын арада 5 миң сомони (болжол менен 37 миң сом) айып салынды.

Жергиликтүү маалымат булактарынын жазганына таянсак, ага туулган күнүн туугандарынын курчоосунда эмес, курбуларынын арасында тоскону үчүн айып салынган. Тажикстандын "Салттар, мааракелер жана ырымдар тартиби" мыйзам нормаларынын 8-беренесине ылайык, туулган күндү үй-бүлө мүчөлөрүнүн курчоосунда гана белгилөө шарт.

Аталган мыйзамга 2017-жылдын август айында толуктоолор жана түзөтүү киргизилген. Эгерде бийлик мүчөлөрү, облустук, райондук, шаардык башкармалыкта иштегендер жана башка мамлекеттик кызматкерлер, соттор, прокуратура органдарында иштегендер, ички иштер жана коопсуздукту камсыздоо тармагында эмгектенгендер, каржы көзөмөлүндө, коррупция менен күрөшүүчү мекемелерде, салык, бажы тармагында эмгектенгендер же алардын туугандары аталган мыйзамдагы нормаларды бузса, токтоосуз иштен айдалат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
29.10.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кимдин кандай иши бар экен. Минтип отурса кыздарга кун коргозбой уйуно камап салат окшойт. Адам укуктарын чектеген болбойт го.
erlan2196 түзөттү 2018-10-29 14:06:18
30.10.2018. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол укуктары чектелбегендиктен москвада ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-30 09:25:38
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: