super.kg logo

Москвада ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жаранына мекендештери 54 миң рубль жардам көрсөттү

 

Москва шаарындагы №36-шаардык клиникалык ооруканада оор абалда жаткан Талас Турдубаевге мекендештери жана жердештери 54 миң рубль акчалай жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда SUPER.KG'ге анын тууганы Арзымат Мырзабеков билдирди.

"Тууганыбыздын бир тууган агасы менен жеңеси Москвага учуп келишкен, учурда ооруканада анын жанында болуп жатышат. Ал көпкө чейин сүйлөшүп отуруп, аларды тааныды, учурда абалы жакшы. Анын аты-жөнүн тактоочу документтери жок болгондуктан, элчиликке кайрылып арыз жазып, тиешелүү документтерди чогулттук.

Талас агабызды мекенине жөнөтүүгө даярдык көрүп жатабыз. Бир нече күндөн кийин барып калат. Анын оор абалын уккан Москвадагы мекендештери, жердештери финансылык колдоо көрсөтүштү.

Кечээ, 28-октябрда ооруканага Талас облусунун "Ынтымак" коомунун өкүлдөрү жардам катары 34 миң рубль акча каражатын тапшырып кетишти. Ошондой эле Москва шаарында эмгектенген мекендештер да каражат чогултуп беришти. Учурда жалпы санынан 54 миң рубль чогулду. Бул каражатка Бишкекке билет сатып алабыз, ашканы дарылануусуна жумшалат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, агамдын абалына кайдыгер карабаган жарандардын баарына ыраазычылык билдиргим келет. Бир жыл бою таппай жүргөн тууганыбызды сиздер аркылуу таап алдык. Учурда элдин жардамы менен жакындарына барганы турат", - деди Мырзабеков.

Эске салсак, SUPER.KG порталына Москва шаарындагы ооруканалардын биринин нейрохирургия бөлүмүндө башынан оор жаракат алган Кыргыз жараны 2,5 айдан ашык убакыттан бери жатканын билдиришкен. Оорукананын кызматкери дарыгерлер бейтаптын туугандары табылбаса ага медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу маселеси каралып жаткандыгын айткан. Кийин бейтаптын туугандары ооруканага байланышка чыгып, Москвага барышкан.


кошулду





Москвада ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жаранын туугандары Бишкекке алып келет

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.10.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз элден айланса болот! Куландай соо болуп сакайып кетсин мекендешибиз ылайым!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: