super.kg logo

Депутат "ЖЭБ боюнча тендерлерде 1 эле адамга тиешелүү компаниялар утуп келген" деген сөздөр бар дейт. Башкы прокуратуранын жообу

 

"Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча тендер өткөрүүдө 1 эле адамга тиешелүү компаниялар утуп келген" деген сөздөр эл арасында айтылууда", - деп бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйынында депутат Кожобек Рыспаев айтты.

Ал жыйынга катышып жаткан укук коргоо кызматкерлеринен коомчулукта айтылып жаткан сөздөр тууралуу маалымат берүүнү сурады.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев Бишкек ЖЭБиндеги тендерге байланыштуу бир нече кылмыш иши козголгондугун ырастады.

"Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкты иликтеген убактылуу комиссия күч органдарына бир нече сунуш жиберген. Ошонун негизинде ЖЭБдеги кырсык жана колдонулган акчалар боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Учурда өндүрүштөн аяктаган иштер Биринчи Май райондук сотко жиберилген, калган иштер тергөөдө”, -деди Дүйшембиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: