super.kg logo

Кореялык кыздар сулуулук стандарттарын бузууну чечишти. Алар макияжды өчүргөндөн кийин кандай болуп калышарын жарыялоодо (сүрөт, видео)

 
Пластикалык хирургиянын жардамы менен өзгөрүү.
Бетти "V" формасына келтирип операция жасоодон кийин

Түштүк Корея дүйнөлүк сулуулуктун жана пластикалык хирургиянын борборуна айланып жатканда интернет айдыңында кореялык кыздардын "сулуулуктун стандарттарына" каршылык көрсөтүп тараткан видеолору талкууда. Бул тууралуу Би-Би-Си Орус кызматы кенен материал даярдаган. Видеолорун жүктөгөн кыздардын каршылыктары ар башка. Бири адамды таанылгыс кылып өзгөрткөн макияжга каршы болсо, кээ бири пластикалык операциянын жардамы менен өзгөргөндөр. Ошондой эле жергиликтүү социалдык тармактарда "Корсетсиз" флешмобу кеңири жайылууда.

Лина Бае

Ушул жылдын июнь айында Түштүк Кореянын жашоочусу Лина Бае аттуу блогер кыз өз баракчасына "Мен сулуу эмесмин" деген аталыштагы видеосун жүктөгөн. Видеонун башында кыз кадимкидей эле бьюти-блогерлер катары бетине макияж коюп жатканын көрүүгө болот. Бирок алдына кайсы косметика өндүрүүчү компаниялардын каражаттарын колдонуп жаткандыгы жазылган титрдин ордуна анын окурмандары көп жазган "Сен аракет кылсаң мындан дурусураак көрүнмөксүң", "Сага тоналдык крем керек", "Сен кемчиликтүү жерлериңе пластикалык операция жасатышың керек" деген сыяктуу комментарийлерди калтырышкан. Видеонун экинчи бөлүгүндө Лина мындай пикирлерден тажагандыгын билдирип, бетине койгон макияжын өчүргөн дагы, бети кандай болсо ошондой калтырып, "мен сулуу эмесмин, бирок бул нормалдуу нерсе. Башкалар сени кандай көргүсү келип жатса, ошого жараша аракет кылбай эле кой. Өзүңө жаккан гана өзүңдүн түстөрүңдү изде" деп жазган. Видео мындан кийин 5 миллион жолудан ашык көрүлгөн.

Лина Баенин артынан эле кореялык башка кыздардын видеолору чыга баштаган. Анда макияждын жардамы менен кынтыксыз сулуу көрүнгөн кыздар бетиндеги боёкторду өчүргөндөн кийин кандай көрүнүп калышарын тартып чыгара башташкан. Бул флешмоб "Корсетсиз" деп аталып, табигый сулуулукту даңазалоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
31.10.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
озубуздун кыздар эле сулуу натурал табийгий
31.10.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздикилер кем калабы. Туурап башташат эми
31.10.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
макияж кылсам ужасно болуп калам чон корунуп калам кайра.....
31.10.2018. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии озубуздукуно жетпейтко
31.10.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биздин кыздарыбыз да каштары, кирпиктери жасалма болуп кетти.
01.11.2018. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баары бир кыргыздын сулууларына жетпейт
01.11.2018. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу боёнсом эле жүдөп кетем ,капкара маска кийип алгансып.Терип жүргөн кашымды да кайра өстүрүп алдым.Эми кашты да тербейм!Апакем бир да каш терип,эндик,лак коюп көргөн жан эмес.Мен да апамдай болгум келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: