420 миллион доллар сарпталып Индияда дүйнөдөгү эң бийик статуя орнотулду










Индияда дүйнөдөгү эң бийик статуя орнотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, анын бийиктиги 182 метрге барабар.
"Индиядагы статуя өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн баатыр, "Темир адам" атыккан саясатчы Сардар Валлабхаи Пателге арналган. Ага "Биримдик статуясы" деген ысым берилди. Статуя Индиянын Гужарат штатындагы Вадодара шаарына жакын аймакка орнотулду. Жалпы узундугу 240 метрге жетет. Ал Нью-Йорктогу "Эркиндик" статуясынан 2 эсе бийик. Ал эми буга чейин эң бийик аталган Кытайдагы Будданын эстелигинен 29 метрге узун", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле аны курууга 420 миллион доллар сарпталып, 5 жылда аягына чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:04
2025-07-04
Рейтинг:
0

Индиянын деле экономикалык абалы, калкынын кыйналып жашап жаткандыгы менен тушунууго болот го ошончо акчага бир топ завод фабрика курса болоор беле