super.kg logo

"Forbes" журналы көзү өтсө да чыгармачылыгы киреше алып келип жаткан адамдардын тизмесин түздү

 
"Forbes" журналы көзү өтсө да чыгармачылыгы киреше алып келип жаткан адамдардын тизмесин түздү. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, тизмеге көзү өтсө да чыгармачылыгы ири суммадагы киреше алып келип жаткан 13 адам кирген. Алардын автордук укуктары, жарнамалары, мүлктөрүн сатуудагы түшкөн каражаттары эсепке алынган.
Тизменин сап башынан 6 жылдан бери поп-музыканын падышасы Майкл Жексон түшпөй келет. Анын чыгармачылыгы бир жыл ичинде анын чыгармаларынан түшкөн каражатты колдонуу укугуна ээ адамдарга 400 миллион доллар киреше алып келген.

2016-жылы каза болгон гольф спортчусу Арнольд Палмер тизменин 3-сабынан орун алган. Анын аты менен чыгарылган спорттук буюмдар, суусундуктар аны чыгарган кожоюндарга 35 миллион доллар алып келген.

Төртүнчү орунда сүрөтчү-карикатурист Чарльз Шульц турат. Анын эмгектери 34 миллион доллар алып келген болсо, бешинчи катардан орун алган музыкант Боб Марлинин чыгармачылыгы 23 миллион доллар киреше алып келген.

Бул тизмеге "Playboy" журналынын негиздөөчүсү Хью Хефнер, актриса Мерлин Монро, музыкант-гитарачы Принс, рок-музыкант Жон Леннон, рэпер XXXTentacion жана Мухаммед Али жазылган. Тизменин соңунда фотомодель Бетти Пейдждин чыгармачылыгы 7 миллион доллар жылдык кирешеси менен кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: