Ош шаарындагы мыкты 50 окуучу Арстанбапка эс алууга кетишти
Бүгүн, 10-июлда Ош шаарындагы мектептердин мыкты окуган 50 окуучусу 3 күнгө Арстанбап эс алуу базасына, окуу лагерине кетишти. Иш-чараны Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети уюштурду. 9-10-11-класстагы мыкты окуучулар аймактык жаштар кеңештеринин кызматкерлери тарабынан аныкталды. 3 күндүн ичинде жаштарга дебат, дискуссия боюнча атайын окуулар өтүлөт. “Тренингдин жүрүшүн Жаштар иштери боюнча комитети каржылайт, окутуу 10-11-12-июль күндөрү өтөт”,- дейт иш-чараны уюштуруу тобунун мүчөсү Медербек Абдыманапов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

