super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-НОЯБРЬ: "Туулган күнүмдө иштеп жатам" дейт 28 жашка толгон эстрада ырчысы Нияз Абдразаков

 

Бүгүн, 1-ноябрда кыргыз эстрада ырчысы Нияз Абдыразаков 28 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, ыраазычылыгын билдирип буларга токтолду.

"Маанайым абдан жакшы. Туулган күнүм кадимки күндөрдөй эле өтүп жатат. Азыркы учурда иш үстүндө отурам. Ал эми бүгүн кечинде досторум менен эс алуучу жайлардын бирине барып тамак ичип, сүйлөшүп отуруп тынч эле өткөрөм", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, Нияз Абдыразаков 1990-жылы 1-ноябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Ырчы Ильяз Абдыразаковдун бир тууган иниси. Учурда бойдок, 1 кыздын атасы. Репертуарындагы ырлары "Кайрылбаймын", "Сени сагынганда", "Кыздар, ай", "Таене", "Келинчек" жана башкалар.

Нияз Абдыразаков ушул жылдын март айында буга чейин үйлөнүп ажырашканын, ал тургай 5 жаштагы кызы бар экенин жашырып жүргөнүн коомчулукка жарыялап, табышмактуу сырын ачкан.

"Мен 22 жашымда, жубайым 18 жашында баш кошконбуз. 1 жарым жыл чогуу жашап, балалуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Жылдызыбыз келишпей калдыбы же жаштык кылдыкпы, айтор түшүнбөстүктөр болуп кетти. Жарашууга даяр болчумун, бирок жубайымдын алдына барып "жарашалы" деп айткан жокмун. Ал оюм ичимде эле калып кетти. Ата-энем да жарашып алгыла деп айтты. Тагдырыбыз бир эмес окшойт, кайрадан чогуу боло албай калдык. Азыр кызым Дияра 5 жашка чыкты. Таене, таятасынын тарбиясын алып жүрөт. Кызым экөөбүз байма-бай жолугуп, көрүшүп, сагынычыбызды таратып турабыз", - деген ырчы.
1-ноябрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: