super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-НОЯБРЬ: "Туулган күнүмдү бүгүн бир туугандарым менен, эртең досторум менен белгилейм" дейт 36 жашка толгон ырчы Айжамал Кабылова

 

Бүгүн, 2-ноябрда легендарлуу "Кыз-бурак" тобу аркылуу элге аты таанылган эстрада жылдызы Айжамал Кабылова 36 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктап байланышка чыкканда ыраазычылыгын айтып, туулган күнүн бир туугандары менен өткөрүп жатканын билдирди.

"Бүгүн туулган күнүмдү бир туугандарым менен бирге өткөрөм. Азыркы учурда чайханада дасторкон жайып бир туугандарымдын жакшы каалоо-тилектерин угуп, жакшы маанайда отурабыз. Ал эми кечинде кадимкидей эле иштейм. Кыргыз элимдин жакшылыктарында кызмат кылам. Бул жылы туулган күнүм 2 күнгө созулат. Бүгүнкү күндү бир туугандарыма арнасам, эртең жакын досторум, сахналаштарым менен эс алуучу жайлардын биринде белгилейбиз", - дейт ырчы Айжамал Кабылова.

Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Сыноону да Кудай көтөрө алган адамга берсе керек. Айрымдарга байлык-бийлик берип сынаса, кай бирлерди жакындарын алып коюп кыйнайт экен. Мени үй-бүлөмдөн ажыратып сынады, Кудайга миң мертебе шүгүр, ушундай тагдыр бергенине. Элдин колдоосу, жакындарымдын жардамы менен андай кыйынчылыктан чыгып кеттим. Өкүнбөйм, тескерисинче, ушул тагдырыма ыраазымын. Анткени көзүм ачылып, мага ким дос, ким кас, жакындарымдын кимиси күйүп, кимиси күлөрүн билип алдым. Ак-караны ажыратып, жадакалса өмүрлүк жолдошумдун ким экенин иргеп алганымдын өзү чоң жетишкендик. Мындай кыйынчылыкка сынмак турсун, турмуштук сабак алдым десем болот. Башкача айтканда, мурунку турмушума караганда азыркы жашоом жакшы".
  • "Сахнада күлүп-жайнаган менен, сахнанын артындагы Айжамал такыр башка. Тактап айтканда, балдарыма катаал энемин, аларды катуу кармайм. Эзилип, элжиреп отурган энелердин катарына кирбейм. Тартипке бекем кылып тарбиялайм. Ал эми мүнөзүмдү жанымдагылар айтпаса, өзүмдү мактай да, жамандай да албайм. "Кемчиликсиз адам болбойт" дейт го. Ит жылында төрөлгөм, "жылыңа жараша кыялың бар" деп апам урушуп калган күндөр болгон".
  • "Чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү назик, өтө ишенчээк болот. Жакшыны да, жаманды да жүрөккө жакын кабыл алабыз. Жалганды сүйлөй албайбыз, таарынсак да бат жазылабыз. Анан ушундай мүнөздү башкалардан да күтөбүз. Бирок көбүнчө баары тескерисинче болуп кетип, жүрөктөр жабыркап калган учурлар чанда кездешет. Мен эмне деген кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүм, баарына туруштук бере алдым. Демек, баарына чыдаган Айжамал андайларды кечирип, унута да алат. Кечире билүү да чоң эрдик".

Айжамал Кабылова тууралуу кызыктуу маалыматтар:

  • "Жамгырдын жаап турганынан ырахат алам. Кызыгы, жыл сайын туулган күнүмдө белек катары жаан жаайт", - деген ырчы өз маегинде.
  • Сүт азыктарын таптакыр жей албайт, ачуу тамактарды жакшы көрөт;
  • “Сволочь” деген сөздү көп колдонот. Кийин өзү байкап калып ачуусу келет;
  • Мурда таарынычы кеч жазылчу, азыр деле таарынчаак, бирок бат эле жазылып кетет;
  • Көк бет, кылам деген ишин аягына чыгармайынча жаны тынбайт.

Белгилей кетсек, Айжамал Кабылова 1982-жылы 2-ноябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында төрөлгөн. Болочоктогу ырчы 6-классынан тарта "Кыз-Бурак" тобуна алынып, аталган топтун негиздөөчүсү жана жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын колунда тарбияланган. Турмушка чыкканга чейин аталган топто чыгармачылыгын өстүрүп, үй-бүлөлүү болгон соң топтон кетип, чыгармачылыгында тыныгуу жасаган. Ал арада ырчы 1 кыз, 1 уулдуу болгон. 2010-жылдан тарта Айжамал Кабылова жеке ырчы катары чыгармачылыгын уланткан.

Жолдошу менен 2016-жылы ажырашып кеткен. Учурда уулу менен кызын жалгыз тарбиялоодо.

2-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
02.11.2018. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куйоосунон ажырашкандан кийин супсуулу болуп гулдоп калыптырго Айжамал
02.11.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahym dagy da bolso ui buloluk bakyttan kur kylbasyn,baldary yimandyy,omurluu bolsun.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: