super.kg logo

Шоумен Бакыт Байсариевдин биринчи жубайы жана ырчы Фарида Карбозова ак өргөөлүү болушту. Бул күздө дагы кайсы белгилүүлөр жаңы конуштуу болду?

 

Кыргыз шоу дүйнөсү окурмандарды өзүнүн жагымдуу кабарлары менен кубантып келет. Быйылкы күздө бир нече белгилүүлөр өздөрүнүн түгөйүн тапса, айрымдары наристе жытын жыттап отурат. Ал эми айрымдары ак өргөөлүү болушуп, үйүнө кут чакырып турган убагы. SUPER.KG порталы быйылкы күздө жаңы конушка кирген белгилүүлөрдү тизмектеп көрдү.

Ырчы Фарида Карбозова борбордогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен батир алды. Чыгармачылыктан тапкан каражатымды топтоп, өз мээнетим менен алдым деген ырчы буларды айтып берди.

"Талыкпай иштеп жүрүп, каражатымды топтоп жүргөм. Үй алууга жетиштүү каражат топтогондон кийин борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 2 бөлмөлүү даяр батир алдым", - дейт ал.

Ак өргөөлүү болгондордун катарында шоумен Бакыт Байсариевдин биринчи жубайы, бийчи Наргиза Момунтаева дагы бар. Бийчи үйдү бир жыл мурда алганын айтып, мындай дейт.

"Борбордогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 2 бөлмөлүү батирди бир жыл мурда алгам. Бирок ичин өзүбүз жасалгалай турган болгондуктан быйыл бүтүрдүм. Негизи ишим көп болгондуктан батирдин жасалгасын апам колго алган. Телефон аркылуу акылдашып, кандай эмерек, кандай дубал кагаз керек экенин чечип жаттык. Үйдүн жасалгасы бүтүп, биринчи эле ата-энем, бир туугандарымды, курбуларымды жаңы конушума чакырдым. Эми кесиптештеримди чакырам. Үй алууга жумушум жана ата-энем жардам берди".

"Кыз-Бурак" тобунун мурунку солисти, ырчы Айжамал Кабылова дагы Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөн батир алган. Ал: "Балдарым Ош шаарында окуйт. Анын үстүнө ата-энеме дагы жакын. Буюрса, ак өргөөбүзгө кирип жашаганга саналуу эле күндөр калды", - деп билдирген.

Ал эми алып баруучу Нурсултан Майназаров дагы күркүрөгөн күздө жаңы конушка кирген. Ал жаңы конушуна жакын досторун чакырып, кече өткөргөн.

Ак өргөөлүү болгондордун катарын ырчы, алып баруучу, актриса Анжелика толуктаган. Ал жаңы курулуп бүткөн көп кабаттуу үйлөрдөн батир алган. Учурда ырчы үйүнүн жасалгасы менен алектенип жүргөн чагы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(13)
02.11.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Уйунор кут болсун!Кандай жакшы ак орголуу болгон.Бизге да жуксун)))
02.11.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ak orgolordo jalan jakwylyktar,toilor bolsun.
02.11.2018. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бизгеда Насип кылсын Ак орголор
03.11.2018. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Кридитда баарыле нак акчага алалбайт азыр кобу
03.11.2018. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кандай болбосун оз уйуно эмне жетсин. Наргизага боорум ооруп жургон ак оргоо кут болсун. Бакытсыз деле 2 баланы бакканча уйлуу болупсун, азамат. Кудайым береерин унутпасын!!!
03.11.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
erkeleim, Наргизага эмнеге боорун ооруйт? Эрлуу аял таяк жейт,эрсиз аял куйрук жейт дейт.Куйоосу жок болсо эле боор оруп,бактысыз болуп калды деп ойлошот экен. Начар эркек менен омур бою азап тарткыча, жалгыз бой деле балдары менен жыргап,бактылуу жашаса болот. Анын устуно озун камсыздаган аялзатына ары жок эркек ашыкча эле туйшук да.Анын кирин жуу,ашыкча созун ук,ичип келип эзилгенине чыда дегендей. Бара-бара эркектерди аялзаты тандап,татыктуусуна гана куйоого чыга турган болушат.
03.11.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl10,бактысыз эмес, мурдагы Бакыт (Байсариевсиз) деле 2баланы багып, уй да алыпсын дейт
05.11.2018. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asyl10,Эрсиз аял куйрук жейт дегенди биринчи жолу угушум тооба,бирок эч бир аял куйоосунун ыраазычылыгы жок бейишке кирбейт,ата-энени биринчи орунга коюп сыйлоо,бул эркектердин милдети,парзы.Аялдары иштеп, эркектери уйдо отурган уйдо бактылуулук жана береке жок.
03.11.2018. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иштеген тиштейт! Азыр не коп той коп!
03.11.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызда артистердин заманы болуп калган окшойт!
03.11.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Bakyttyn ayaly molodes!! Kuchtuu aiym eken kancha kyiynchylyktarga chydagan,Ozu dagy abdan suluu eken,akylduu ayal eken,,Ushundai meerimduu,sabyrduu,kuchtuu ayaldar kop bolsun,,
03.11.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АК оргогор Кут болсун
03.11.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кут болсун! Жакшылыктарды алып келген уйлордон болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: