super.kg logo

Ысык-Көлдүн 18 жаштагы тургуну асынып алды. Атасы анын өлүмүнө милиция кызматкерлерин күнөөлөп жатат

 

Ысык-Көл облусундагы Бөрү-Баш айылынын 1966-жылы туулган Нурлан Асанбеков аттуу тургуну 18 жаштагы уулун милиция кызматкерлери сабап өлтүрүп койгонун айтып, президентке видеокайрылуу жасады. Анын айтымында, милиция кызматкерлери 22-октябрь күнү уулун мал уурулукка шектүү катары кармап кетип, башына пакет кийгизип сабаган.

Асанбеков кайрылуусунда: "22-октябрда баламды милиция кызматкерлери сабап, өлтүрүп коюшту. Ушуларды жоопко тартып, ушундай адамдарды жок кылууну сизден суранабыз. Баламды өлтүргөндө да кыйнап өлтүрүштү, башына пакет кийгизип, колуна кишен салып, желим бөтөлкөгө суу куюп алып сабашкан. Бир күндө баламды эки-үч жолу эс-учун жоготкончо сабап, аябай кыйнап, ызалантып өлтүрүп коюшту. Ушуну акыйкат баамдап, туура чечип берүүңүздү суранам. Өзүмдүн беш уулум бар болсо, бизди багып жаткан ушул уулум болчу", - деп айткан.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов Нурлан Асанбековдун уулу 19-октябрда мал уурулукка шектүү катары кармалып, күнөөсү далилденгенин жана 22-октябрда анын асынып алганы боюнча маалымат түшкөнүн тастыктады.
"2018-жылдын 22-октябрында Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш айылындагы талаадан жаш жигит бакка жип менен муунуп калгандыгы тууралуу маалымат жергиликтүү милиция бөлүмүнө келип түшкөн. Аталган факты боюнча райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып анын ким экендигин такташкан учурда ал Бөрү-Баш айылынын 2000-жылы туулган Э.Касымов аттуу тургуну болуп чыккан", - деди Сеитов.

Анын белгилешинче, мал уурулук боюнча териштирүү учурунда 2018-жылдын 19-октябрында Бөрү-Баш айылынын тургуну Ж.К. райондук милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси 13-октябрда “Кырман кашар” сарайынан белгисиз адамдар тарабынан үч баш кой уурдалганын билдирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши ачылып, анын негизинде 18 жаштагы Касымов шектүү катары кармалган.

"Касымовдун каза болгонго чейинки берген түшүндүрмөсүндө 14-октябрга караган түнү ушул айылдын тургунунун үч баш токтусун уурдап атасынын унаасына салып, Каракол шаарынын мал базарына алып барып, 12 миң сомго сатып, ал акчага А.Т. аттуу сүйлөшүп жүргөн кызына туулган күнгө белек катары телефон алып бергенин көрсөткөн. Анын мал уурдагандыгы, базарга саткандыгы тууралуу берген түшүнүгү аудиожазуу түрүндө бар", - деди басма сөз катчы.

Учурда аталган кылмышты иликтеген кызматкерлердин кандай аракет көргөнү иликтенип жатканын айтты.


кошулду





Ысык-Көлдүн 18 жаштагы тургуну милициянын кыйноосунан кийин асынып алдыбы?

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
04.11.2018. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кимге ишеништи деле билбейсин.

Жигиттин жаткан жери жайлуу болсун...
04.11.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Атасын көрүп бала өсөт...
04.11.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба жакшы кабар окубайт экенбиз да.асынып алды.ооруп атат.апасын урду ж.б.у.с
04.11.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кармалган бала кантип талаага барып асынып алды?
04.11.2018. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Белгеилуу эле бул жерде булардын кучу бир байкушту сабап мойнуна илди да анан олтуруп койуп эми олгон адамга шылтап жатышат ал аудио жазуу бул мумкун мантаж ким билет Деги миллициялар айткылачы силердин колунардан акшылык келеби озу?????
04.11.2018. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Милицияларды жек кором!Мыкаачыларга Аллах жазасын берсин.
04.11.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул милицияларга 2000жылдын башында эле тунулгом, анткени ошол убакытта бир тааныш киши озунун турсисине асынып алыптыр камерада дегенде эле булар бекеринен мент же ХХХХХХХХХ деп
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-05 11:04:31
04.11.2018. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аны сүйлөшкөн кызынан сурап билиш керек, чын эле телефон алып берген бекен, байкуш бала
04.11.2018. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уурулулуктан Кудай сактасын.Эн жаман иш!
05.11.2018. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мойнуна алган болсо ХХХХХХХ жеп коё бересинерби, ХХХХХХХХ!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-05 11:05:26
05.11.2018. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХХХХХХХ Батукаевти ушинтип сабаш колунардан келет беле духунар жетмек эмес. Мага да суроо туудурат мойнуна алган кылмышкер болсо кантип талаага барып асынып алат же силер ушинтип кылмышкерлерди мойнуна алдыргандан киин чыгарып саласынарбы?
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-05 11:06:24
05.11.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kgda,булардын алы карапайым калкка эле жетет.Батукаев буларды чычырат да.
05.11.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табышмактуу олум неге мойунуна алса камап койбодунар актаныштын жолун издеп атасынарбы Элдердин милицияга болгон ишеними 1 тамчы калбады
05.11.2018. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
милиция кызматкерлерин жоюп эле салыш керек. каракчылардан айырмасы жок.
SUPER.KG видео
05.11.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
18 жаш анча эле жаш экен мынчалык сабаштын кереги жок эле байкушту эгер уурдаган тагдырда деле вообще жалко жон эле атасын чыкырып чечип койсо болмок...
SUPER.KG видео
06.11.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер чындап бала урдаса камап койушмак.Булар уруп ,кыйнап журуп жаздырган анан мына мойнуна алды эми акча акча алабыз деп ойлошкон.Болбосо камап койушмак.ХХХ ХХХ ХХХ.Ал эми гулгундой жигит намысмынан асынып олуп алды.Ата энесинин зыркырап,какшаганы ошол ХХХ жетпейт да карга карганын козун чукубайт озу куноолу болгон деп жаап койот да.Бечаралардын уну кимге жетмек...
Акйкат озу бизде барба ????
Модератор admin_media түзөттү 2018-11-06 12:04:20
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: