super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 6-НОЯБРЬ: Эң сексуалдуу корей актёрлорунун бири Ли Дон Ук 37 жашка чыкты

 

Бүгүн корей актёру жана модель Ли Дон Ук 37 жашка чыкты. Ал көпчүлүккө "Өнөктөштөр", "Менин сүйлөшкөн кызым" жана "Гоблин" дорамаларындагы ролдору менен белгилүү.

"Гоблин" сериалына тартылган негизги актёрдук курам.

Туулган жылы - 1981-жыл, 6-ноябрь

Туулган жери - Түштүк Корея, Сеул шаары

Үй-бүлөсү - бойдок, ата-энеси жана карындашы бар

Кесиби - актёр, модель

Хоббиси - баскетбол, футбол, таэквондо, сноуборд

Ага актёр катары атактуулукту 2005-жылы тартылган "Менин сүйлөшкөн кызым" дорамасы алып келген.

2009-жылы аскерге кетип, 2011-жылы мөөнөтүн ийгиликтүү өтөп келген. Мекен алдындагы милдетин аткарып келген соң актриса Ли Си Ён менен чогуу "Эрежесиз романтика" ("Романтика без правил") сериалына тартылып, 2013-жылы "Көк асмандын эрки" ("Воля небес") тарыхый сериалында оорукчан кызын жалгыз тарбиялаган атанын ролун жараткан.

“Мейманкананын падышасы

2014-жылы "Мейманкананын падышасы" дорамасына тартылып, анын өнөктөшүн актриса "Менин сүйлөшкөн кызым" дорамасында чогуу катышкан Ли Да Хэ аткарган.

Жеке жашоосу

Дон Уктун "Өнөктөштөр" дорамасындагы Ким Хён Жу менен жакын мамилеси жөнүндө сөздөр тараган, бирок жылдыздар бул маалыматты ортосунда достук мамиле бар экендигин айтуу менен жокко чыгарган.

Ли Дон Ук менен Сюзи

2018-жылы корей басылмалары Ли Дон Ук менен корей ырчы, актрисасы Сюзи (Пэ Су Джи) экөөнүн ортосунда сүйүү мамилеси от алганын жазып чыгышкан. Түгөйлөрдүн махабаты алгач кесиптеш катары тасма талаасынан таанышуудан башталган. 2012-жылы Сюзи өзүнүн билдирүүлөрүндө Ли Дон Укту идеалдуу эркек катары санай турганын айткан. Июнь айында экөө эки башка жолго түшүшкөн.

«Гоблин» тасмасынан кадр

2016-жылы актриса Ю Ин На менен "Гоблин" сериалында сүйүшкөн каармандардын образын жараткан. Аталган дорама бир эле Түштүк Кореяда эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жайгашкан корей сериал сүйүүчүлөрүнүн баасын да тапкан. Көпчүлүккө башкы каармандагы актёрлор көшөгө артында калгандай болгон. Сериал аяктагыча экинчи пландагы Ли Дон Ук менен Ю Ин Нанын аткаруусундагы каармандардын аруу махабаты, тагдыры жана келечеги талкуу жараткан.

2018-жылы "Өмүр" аттуу сериалда роль жаратса, учурда 2019-жылы көрүүчүлөргө сунушталуучу "Чындыкка жетүү" деген сериалга тартылууда. Айтмакчы, аталган жаңы долбоорго Ю Ин На да тартылып калышы ыктымал.

6-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
07.11.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырка чыкканча бойдок,сооо элеби!?
07.11.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер Инфо сураныч силерден жанагы карейс кино барго,ишк жадууси деген,ошондогу Чон Син Хау болуп аткарган бала жонундо да тоолук маалыматтарды алып чыгаргыла сураныч?
08.11.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eli.91,
Саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: