"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ырчы Руслан Абылов: "Санташ айылында концерт болбой турганын 5 саат мурун билдиргем, элден кечирим сурайм"
Буга чейин окурман "Элдик кабарга" ырчы Руслан Абылов 5-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Санташ айылында белгиленген концертине келбегенин кабарлаган.
"Айыл эли концерт коюла турган жерге чогулуп, суукта күтүп отурушту. Бирок ырчы келген жок. Айылдыктарга боло берет дегениби?" - деп жазган окурман.
Бул боюнча SUPER.KG порталы Абыловго байланышып, белгиленген концертинин берилбей калганынын себебин сурадык. Айтымында, ошол күнү ырчынын унаасы бузулуп, Бишкектен Ысык-Көлгө жолго чыга албай калган.
"Ооба, 5-ноябрда Санташ айылына концерт берүү пландалган эле. Ага чейин афишалар илинип, айыл тургундарына жарыяланган. Ошол күнү унаам бузулуп, оңдотуу көп убакытты алып койду. Үлгүрбөй турганыма көзүм жеткенде клубдун башчысына чалып, концерттин болбой турганын айттым. Ал "элдин баарына бул маалыматты кантип жеткирем, көргөндөргө айтам" деген. Концерттин болбой турганын укпагандар кечинде клубга келип алышыптыр. Мен убара тарткан бардык адамдардан кечирим сурайм, буюрса, башка күнү барып концерт коюп кетем", - деди ал.
Ошондой эле ырчы азыркы учурда Түптүн айылдарына концерт коюп жүргөнүн кечээ Корумду айылында концерт өткөнүн кошумчалады.
Айта кетсек, Руслан Абылов "Башка жанга чалба", "Кайдасың", "Кыргызымдын сулуу кыздары", "Дария" жана башка ырларды аткарат.


5 саат деген ото эле уят го
Афиша илинген сон айылдарда 5кун даярданышат концерт болот экен деп...