super.kg logo

Гаджетке байланган жаштар тууралуу "Капкан" аталышындагы тасма жарык көрдү

 

Уюлдук телефон, компьютер жана интернет пайда болуп, адамзаттын жашоосу жеңилдегени менен айрым адамдарга жана жаштарга терс таасирин тийгизүүдө. Буга байланыштуу режиссёр Ырыс Жоомартова гаджетке байланган жаштар тууралуу "Капкан" аталышындагы тасмасын эл сынына койду.

Тар чөйрөдө көрсөтүлгөн тасма окуудан телефонду жогору койгон өспүрүмдөрдүн жашоосун жана бул кырдаалга тушуккан ата-энелердин көйгөйүн сүрөттөйт.

"Мен Кыргыз улуттук университетинде психологиядан сабак берип жүрүп, жаштар телефонго берилип кеткенин байкадым. Анан тасма тартууга идея келди. Тасмада заманбап техникага капканга түшүп калгандай байланган өспүрүмдөрдү интернет тартпаган, жарык, суусу жок айылга алып барып тарттык", - дейт режиссёр Жоомартова.

Тасмада актёр Аскат Сулайманов, актёр жана режиссёр Мурат Мамбетов , куудул Гүлжайна Атаканова жана башкалар роль жаратышкан. Ал эми гаджетке байланган өспүрүмдөрдү атайын актёрдук курсту окуган жаштар ойношкон.






Интернетке байланган жаштар "Капканга" түштү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: