super.kg logo

Рак оорусунан улам бетинин бир бөлүгү, бир көзү, эрининен айрылган Баатыр Баназаровдун абалы жакшы эмес. Апасы күнүмдүк дары-дармекке жардам сурайт

 

Рак оорусунан улам бетинин бир бөлүгү, бир көзү, эрининен айрылган Баатыр Баназаровдун абалы жакшы эмес. Бүгүн, 8-ноябрда SUPER.KG порталы апасы Саткын Баназаровага байланышка чыкканда ал буларды билдирди.

Баназарованын айтымында, уулунун кулак тарабы теринин рак илдетинен улам жешилип бара жатат.

"Баламдын абалы жакшы эмес. Күн сайын бети канап, жакшы кароону талап кылып жатат. Азыр кулак тарабы күндөн күнгө жешилип баратат. Түнкү уйкусу жакшы эмес, табити да начарлап кетти. Ошентсе да Кудайдан үмүт үзгүм келбейт.

Күнүнө бетин тазалап, таңганга дары каражаттары керектелет. Акчаны жеткире албай кыйнала баштадым. Кээде бинтти да карызга алып жатам. Уулумдун оорудан кыйналганын көрүп өзүм да ооруп калдым", - деди ал.

Баназарова мындан бир нече күн мурун Ош шаарындагы ооруканалардын биринде уулун 10 күн дарылатып келгенин кошумчалады.

"Индияга дарылатууга алып барып келгендерге, ал үчүн жардам колун сунгандарга жараткан жакшылык ыроолосун деп алкап отурам. Бир топ кечигип калган экенбиз, болбосо мындай дарылатуу дароо оң жыйынтыгын бермек. Кеч болгонун билсе да, менин, Баатырдын көңүлүн калтырбай болгон аракетин жумшагандарга ыраазымын. Эми баламдын өмүрүн мүмкүн болушунча узартууга жан үрөп жатам, күнүмдүк дары-дармектерине жардам сурайм. Аны караган дарыгер да байланышка чыгып, абалын сурап турат", - деди бейтаптын апасы.

Айта кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун 33 жаштагы тургуну Баатыр Баназаровдун абалы күндөн күнгө начарлап жаткандыгы маалымдалган. Ал апасы менен Бишкек шаарына келип, кайрымдуу адамдардан жардам чогултула баштаган. Кийин Улуттук онкологиялык борборуна жаткырылып, дарыгерлер анын 12 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келгендигин билдирген. Аз убакыт аралыгында Баназаровдун саламаттыгына кайдыгер карабаган адамдардан акча топтолуп, ал дарыгер Азамат Кошалиев менен бирге Индияга дарыланууга барган. Ал жактан операция жасалып, ушул жылдын март айында бейтап аман-эсен Кыргыз жерине кайтып келген.

Жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Саткын Баназарованын байланыш номери 0773 679 822.


кошулду





Рак илдетинен улам бетине Индиядан операция жасатып келген Баатырдын абалы кайрадан начарлоодо

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
08.11.2018. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Тенирим ден соолук берсин. Оорудан ТЕНИРИМ сактасын.
08.11.2018. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Айыгып кетсин оомин колунда бар адамдар жардам берсенер канча сооп алат эленер
10.11.2018. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anarik87,апанын толук аты жонун жазып коюнуздарчы
08.11.2018. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кудайым шыпаасын берсин
08.11.2018. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Шыпаасын берсин, Кудайым каап
09.11.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulipa, i1urp, barakcha, Jelezo, Salaf, Tyty1990,
Темадан алыс билдирүүлөрдү купуя кат аркылуу жазышкыла! Эскертүү баарыңарга!
09.11.2018. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, хоп болади
09.11.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой журогум ай, Аллахым озун женилинен бере кор!!! Журогум зыркырап кетти, баласынын жанын кыйналганынан энеси андан 10 эсе кыйналып атат го.
09.11.2018. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин,аминь.
10.11.2018. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баатыр калып эле, билдирүү силердин талаш -тартышыңар мн толуп кетиптир.

Р.S. Саткын апа мага 1 ай мурда чалып жардам сураган, мен дагы күнүмдүк тирилик мн болуп , жардам берүү ишин бир аз артка сүрүп койдум. Азыркы учурда форумчулар акча топтоодобуз, каалоочулар кошулсаңыздар болот. Купуяга кайрылыңыздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: