super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-НОЯБРЬ: "Мыкты жигиттер" тасмасындагы идеалдуу кыздын образы менен таанылган корей актрисасы Гу Хе Сон 34 жашка чыкты

 

Бүгүн, 9-ноябрда корей актрисасы Гу Хе Сон 34 жашка чыкты. Ал көпчүлүккө "Мыкты жигиттер" сериалындагы идеалдуу кыз Гым Чан Динин образы менен белгилүү.

Ал кичинесинде ырчы болгусу келчү. Тырышчаактыгынан өзү окуган колледжде достору менен вокалдык топ түзүүгө жетишкен. Бирок ага "сенин жан дүйнөң музыкага жакын болгону менен, келечегиң актрисалык" деп айтышкан. Устатынын сунушу менен Хе Сон 2004-жылы "Анаграмма" аттуу коркунучтуу фильмге тартылат. Ал эми ага атактуулукту 2009-жылы тартылган "Мыкты жигиттер" сериалы алып келген. Күйөрмандары андан автограф сурап, аны көрүү үчүн узун кезекке турушкан.

«Мыкты жигиттер» сериалынан кадр

Гу Хе Сон "Мыкты жигиттер" драмасынан кийин актриса катары гана эмес, ырчы, сүрөтчү, жазуучу, ырлардын автору, режиссёр, продюсер жана сценарист катары таанымал боло алган.

Ал сценарий жазып "Сыйкыр" ("Магия"), "Таттуу эскерүүлөрдүн бири" ("Фрагменты сладких воспоминаний") жана "Кызым" ("Дочь") сыяктуу бир нече тасмаларды тарткан. 2011-жылы өзүнүн "Gu Hye Sun Film" компаниясын негиздеп, эң алгач "Шабдалы дарагы" ("Персиковое дерево") тасмасын тартышкан. Тасмаларындагы ырларды жана ага саундтректтерди өзү жаратат.

Ал эми анын 2009-жылы жараткан жарым автобиографиялык "Танго" романы бестселлер катары эсептелет.

«Кан» тасмасынан кадр

Актрисалыкты да улантып, "Бизге кам көрүңүз, капитан", "Периштенин көзү" жана "Кан" дорамаларына тартылган.

Жеке жашоосу

2015-жылдан тарта "Кан" дорамасындагы өзүнөн 3 жаш кичүү кесиптеши, актёр Ан Чжэ Хён менен мамилеси жакындап, 2016-жылы 21-майда ага турмушка чыккан.

Кызыктуу

  • "Чан ди" деген сөз корей тилинен которгондо, "отоо чөп" дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан "Мыкты жигиттер" тасмасындагы Гү Жүн Пөнүн апасы: "Чан дини түп тамыры менен жок кылбаса, ал кайра өсүп чыга берет", - дейт.

9-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: