super.kg logo

ТЕСТ: Чоңдордун байлыгы, мал-мүлкү, акчасы... Алардын соңку тапшырган декларациясы менен тааныштыңызбы?

 

Жогорку кызматта иштеген жарандардын 2017-жылга карата декларациясы жарыяланды. Ага ылайык, биздин бай делген айрым чиновниктердин жана депутаттардын үйү да, унаасы да жок болуп чыкты.

SUPER.KG порталы Кыргыз аткаминерлеринин декларацияларын изилдеп, бир топ материалдарды жазып чыккан. Анын негизинде даярдалган тесттен өтүп көрүүнү сунуштайбыз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевдин канча батири декларацияда жазылган?

Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев 2017-жылы 938 миң 529 сомдук киреше тапкан. Чыгашасы көрсөтүлгөн эмес. Ал 170 чарчы метрлик 2 батирге ээ экенин белгилеген. Ошондой эле 425 миң сомдук түрдүү турмуш-тиричилик буюмдарына, 2 миллион 50 миң сомго бааланган жылкы, бодо мал жана майда жандыктарга ээлик кыларын декларациясына киргизген.

Кийинки суроо


1 батир
2 батир
3 батир
Батири жок

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева 2017-жылы канча миллиондон ашуун киреше тапкан?

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева 2017-жылы 1 миллион 153 миң 378 сомдук киреше тапкан. Ал декларациясында чыгашасы жана башка мүлктөрү тууралуу маалымат берген эмес. Калиеванын жакын туугандары болсо 2017-жылы 704 миң сомдук киреше тапкан. Башка мүлктөрү тууралуу маалымат жок. Гүлбара Калиева 2017-жылы Жогорку Соттун судьясы болуп иштеп келген.

Кийинки суроо


1 миллион сомдон ашуун
2 миллион сомдон ашуун
5,5 миллион сомдон ашуун
Кирешеси миллион сомго жетпейт

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев былтыр канча миллион таап, канча миллион короткон?

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 2017-жылы 3 миллион 520 миң 699 сомдук киреше тапкан. Ошол эле учурда 1 миллион 600 миң сом короткон. Ал декларациясына унаасы бар экенин көрсөткөн, бирок үлгүсү, чыккан жылы жөнүндө маалымат берген эмес. Андан сырткары ал 520 миң сомдук кыймылдуу мүлккө ээ экенин белгилеген.

Кийинки суроо


1 миллион сом таап, анын баарын коротуп салган
2 миллион сом таап, 3,5 миллион сом короткон
1,5 миллион сом таап, бир тыйын да короткон жок
3,5 миллион сом таап, 1,6 миллионун короткон

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов канча чарчы метрлик жер тилкесине ээ?

Учурдагы баш прокурор Өткүрбек Жамшитов 2017-жылы 806 миң 700 сомдук киреше тапкан. Ал 600 чарчы метрлик жер тилкесине, 150 миң сомдук эмерекке ээлик кылат. Ошондой эле 300 миң сомго бааланган бодо малы, 250 миң сомго бааланган майда жандыгы бар экени декларациясында көрсөтүлгөн. Жамшитов 2017-жылы Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеген.

Кийинки суроо


Анын жер тилкеси жок
600 чарчы метр
10 гектар
100 чарчы метрлик батирде жашайт

Уялчаак депутат Камчыбек Жолдошбаев кандай мүлкүн декларацияда жазган?

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев 2017-жылы 863 миң 615 сомдук киреше тапкан. Ал 39,81 чарчы метрлик батирге ээ. Андан сырткары "Беш-Сары" мекемесин толук түрдө башка жаранга өткөрүп бергенин көрсөткөн. Ал эми автоунаасы тууралуу маалымат жазылган эмес. Жолдошбаевдин жакын туугандары болсо 2017-жылы 120 миң сом киреше тапкан.

Кийинки суроо


Бул уялчаак депутаттын эч нерсеси жок
Заңгыраган үйү жана 10 түрдүү унаасы бар
Кичинекей батирин жазган, унаасы тууралуу маалымат жок
3 кабаттуу турак жай жана 2 Лексус

"Райым миллион" лакап аты менен таанымал Райым Матраимовдун агасы депутат Искендер Матраимов канча миллион сомго ээ?

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 2017-жылы 746 миң 994 сом киреше тапкан. Андан сырткары 290 миң сомдук эмерекке, 150 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасына жана 140 миң сомдук түрдүү материалдык байлыкка ээ экенин көрсөткөн. Эл өкүлүнүн жакын туугандары болсо 2017-жылы 2 миллион 155 миң 32 сомдук киреше тапкан. Алар 1385,9 чарчы метрлик кыймылсыз мүлккө ээ.

Кийинки суроо


10 миллион сом
100 миллион сом
5 миллион сом
Кирешеси миллион сомго жетпейт

Президенттин кудасы, депутат Алиярбек Абжалиев кайсы үлгүдөгү автоунаага ээлик кылат?

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев 2017-жылы 674 миң 284 сом пайда тапкан. Андан сырткары ал Тойота үлгүсүндөгү автоунаага ээлик кылат, бирок анын чыккан жылын көрсөткөн эмес. Андан сырткары 2 миллион 970 миң сомго бааланган жылкы, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктарга ээлик кылат. Абжалиевдин маалыматында жакын туугандарынын байлыгы жана кирешеси көрсөтүлгөн эмес.

Кийинки суроо


Лексус
Мерседес-Бенц
Тойота
Москвич

Депутат Иса Өмүркуловдун мал жандыктары канча сомго бааланат?

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов былтыр 4 миллион 476 миң 691 сом киреше тапкан. Чыгашасы болсо 5 миллион 137 миң 500 сомду чапчыган. Андан сырткары 24,61 чарчы метрге барабар болгон 9 айыл чарба багытындагы жер тилкесине ээ. Ошондой эле 1560 чарчы метр болгон кыймылсыз мүлкү бар. Өмүркулов 21 миллион 112 миң 500 сомго бааланган жылкы, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктарга ээ экенин декларациясында көрсөткөн.

Кийинки суроо


21,1 миллион сом
1 миллион сом
Өмүркулов мал бакпайт
Мал жандыктары көп, баасы жазылган эмес

Олигарх делген депутат Акылбек Жапаровдун жакын туугандарынын бир гана үлгүдөгү унаалары көп. Ал кайсы үлгү?

Депутат Акылбек Жапаров 2017-жылы 892 миң 234 сом тапкан. Ошондой эле 77,5 чарчы метрлик батирге ээ. Анын жакын туугандары 55 миллион 895 миң 647 сомдук киреше тапкан. Ошондой эле 2 миң 330 чарчы метрлик 5 контейнери бар. Мерседес-Бенц 210, Мерседес-Бенц 410, Мерседес-Бенц 409, Мерседес-Бенц 208, Мерседес-Бенц 811, Мерседес-Бенц 710, Мерседес-Бенц 308, Мерседес-Бенц 310 үлгүсүндөгү автоунааларга ээ.

Кийинки суроо


Тойота
Лексус
Жигули
Мерседес-Бенц

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязовдун кандай унаалары бар?

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов 2017-жылы 521 миң 35 сомдук киреше таап, 450 миң сомун сарптаган. Анын 45,2 чарчы метрлик батири бар. Ошондой эле 1346,4 чарчы метрлик 5 жер тилкесине ээлик кылат. 2 жер тилкесин башка адамдын башкаруусуна тапшырган. Ниязовдун декларациясында 1984-жылы чыккан Ауди 80 үлгүсүндөгү автоунаага, 2007-жылы чыккан ЛТЗ-60 үлгүсүндөгү тракторго ээлик кылары көрсөтүлгөн. Дагы бир тракторду башка адамга өткөрүп берген.

Кийинки суроо


1984-жылы чыккан Ауди 80 жана 2007-жылы чыккан ЛТЗ-60 үлгүсүндөгү трактор
2017-жылы чыккан Лексус LX 570
1997-жылы чыккан Волга ГАЗ-3110, түсү кара
Фарид Ниязовдун унаалары жок

Мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаева 2017-жылы канча миллион сом тапкан?

Мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаева 2017-жылы 852 миң 186 сомдук киреше тапкан. Ал декларациясында 28,8 чарчы метрлик турак-жайга, 34 чарчы метрлик батирге жана 350 миң сомдук баалуу буюмдарга ээ экенин көрсөткөн. Индира Жолдубаеванын жакын туугандарынын кирешеси, мүлкү тууралуу маалымат берилген эмес.

Кийинки суроо


2,5 миллион сом
1,5 миллион сом
4,5 миллион сом
Миллион сомго жетпейт

Экс-президент Алмазбек Атамбаев былтыр канча миллион сом таап, канча миллионун короткон?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы 100 миллион 118 миң сом киреше тапкан деп анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн. Ал эми анын чыгашасынын эсеби 77 миллион сомду түзгөн. Экс-президент аянты 6,4 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесине, 2,7 гектар жер тилкесине курулуп жаткан 116 чарчы метр имаратка ээ. Атамбаевдин бардык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкү уулу Сейитбек Атамбаевге катталган. Экс-президенттин жакындары 2017-жылы 738 миң 331 сом киреше тапкан.

Кийинки суроо


100 миллион сом таап, 77 миллионун короткон
50 миллион сом таап, 100 миллион сом короткон
Кирешеси миллионго жетпейт
100 миллион сом таап, анын баарын коротуп салган

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун атына кандай батир катталган?

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылы 996 миң 671 сомдук киреше тапканы декларациясында көрсөтүлгөн. Ал эми чыгашасы жазылган эмес. Исаков 127,4 чарчы метрлик батирге жана 20,2 чарчы метрлик гаражга ээ. Исаковдун декларациясында башка мүлктөрү тууралуу маалымат берилген эмес. Исаковдун жакын туугандары болсо 2017-жылы 140 миң 986 сомдук киреше тапкан. Алар 370,2 чарчы метрлик турак-жайга жана Лексус RX450H үлгүсүндөгү автоунаага ээ экени көрсөтүлгөн.

Кийинки суроо


Элиталык турак жайдан 1 бөлмөлүү 50 чарчы метрлик батир
127,4 чарчы метрлик батир
Мамлекеттик резиденцияда жашайт, батирин сатып жиберген
Ал учурда СИЗОдо, батири камакка алынган

Сооронбай Жээнбеков, Дастанбек Жумабеков, Мухаммедкалый Абылгазиев. Кимиси 2017-жылы көбүрөөк акча тапты?

Учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы президент менен Жогорку Кеңештин төрагасынан да көп киреше тапкан. Анын декларациясына ылайык, 2017-жылдагы кирешеси 2 миллион 367 миң 986 сомго барабар. Президент Сооронбай Жээнбеков өз декларациясында былтыр 890 миң 994 сомдук киреше тапканын көрсөткөн. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 2017-жылы 769 миң 781 сом киреше тапкан.

Кийинки суроо


Сооронбай Жээнбеков
Дастанбек Жумабеков
Мухаммедкалый Абылгазиев
Үчөөнүкү тең болуп чыкты

Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановдун 2017-жылы тапкан кирешелеринин айырмасы канча?

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, учурда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Өмүрбек Текебаев 2017-жылы 138 миң 676 сомдук киреше тапкан. Ал эми учурда чет өлкөдө жүргөн экс-депутат Өмүрбек Бабанов былтыр 1 миллион 330 миң 829 сомдук киреше тапкан деп декларацияда көрсөтүлгөн. Ошентип Бабановдун кирешеси Текебаевдикине салыштырмалуу 1 миллион 192 миң 153 сомго көбүрөөк.

Кийинки суроо


Текебаев Бабановго караганда 1 миллион сомго көбүрөөк тапты
Бабанов Текебаевге караганда 1,1 миллион сомго көбүрөөк тапты
Таң калычтуу, бирок экөөнүкү тең чыкты
Бабанов Текебаевге караганда 10 миллион сомго көбүрөөк акча тапты

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
09.11.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу саясатка кызыкпайм, 34 болду. бул шумшуктордун баары эле миллионер го, каяктагы киреше буларда. "Кене" булар, элдин канын соруп тарсайып журо беришет.
09.11.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалан эле миллиондор го эч жерде мин деген жок оздорунун чонтогуно иштеген жемкорлор
09.11.2018. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Меники бир дагы туура жооп жок экен
09.11.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир тура жооп.
09.11.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
27 упай болду.акча кайда десе озубуздо эле турбайбы.
Депутат эле болоюн десем уйдогулор каршы чыгышты эле. Мына эми. ....
10.11.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60
10.11.2018. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
14 упай 2 туура жооп. ал да адашып басылып кетти...
10.11.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20упай болду.
11.11.2018. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уялчаак депутат жоо жургондон абдан уялчу эле машинесин декларациясында эмнеге корсотподу болду экен???тан калычтуу
11.11.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйу жок 48 депутатты кийинки шайлоодо деги шайлабаш керек озу!
11.11.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
47
11.11.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын айтканына Эл ишенсе дагы мейли кайдагы жомокту айтышат үйү жок машинасы жок туура сүйлөсө да ишенбей турган абалга келип жеттик
11.11.2018. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: