super.kg logo

Сулуулуктун эталону болгон италиялык актриса Моника Беллуччи сүйүктүүсү тууралуу үн катты

 

"Сулуулук дүйнөнү сактап калат" аттуу ураандын автору, италиялык актриса, модель, сулуулуктун эталону болгон Моника Беллуччи сүйүктүүсү тууралуу үн катты. Ал чет элдик басылмалардын бирине берген маегинде: "Көп убакыттан бери сүйүү мамилесин куруп келем. Бактылуумун", - деген.

Моника Беллуччи сүйүктүүсү шоу чөйрөсүнөн эмес экендигин айткан.

"Мен ал мырза менен көп убакыттан бери сүйлөшөм. Бирок аны коомчулукка жакшы же жаман деп айта албайм. Ал адам шоу чөйрөсүнөн алыс. Бирок саякатка көп чыгат. Ал адамдын ким экендигин ачык айтпайм, бирок мен өз тандоомду туура деп эсептейм. Мен бактылуумун", - деген ал.

Актриса жеке жашоосу тууралуу маалыматтарды коомчулукка жарыялабай келет. Ал тургай мурунку жолдошу, актёр Венсан Кассел менен ажырашкандыгы тууралуу дагы комментарий берген эмес. Моника Беллуччи Венсан Кассел менен 5 жыл кыз-жигит мамилесинде жүрүп, 1999-жылы баш кошушкан. Моника 40 жашында эне болуу бактысынын даамын таткан. Моника жана Венсандын Дева жана Леони аттуу кыздары бар. Бирок 2013-жылы дүйнө жүзүнө белгилүү болгон түгөйлөр расмий түрдө ажырашкан. Алардын мамилеси туура 19 жылга созулган.

Актёр Венсан Кассел 2018-жылы модель Тина Кунакиге үйлөнгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.11.2018. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушулардын суйуусу да суйуубу? Булардын суйуусуно караганда мен мээлейимди туруктуу колдоном. Дагы суйуу жонундо кайбиреп койгондоручу? Булардын суйуусу- авторитет, сезимдери-байлык менен олчонот. ушулардан улгу алгандан кудай сактасын.
09.11.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буларда жашоо жеңил, бир кишиге байланып калышпайт, балдарымды кантем, атасыз кантип өстүрөм дешпейт. Ат айланып казыгын табат, сабыр кылайын деп чыдап жүрө беришпейт
10.11.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aikaaaa,бизге окшоп десен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: