Кытай: Сактоо мөөнөтү 46 жыл мурун бүткөн 22 тонна тоок эти колго түштү

Кытай полициясы Гуанси-Чжуан автономиялык районунда вьетнамдык контрабандачылардан сактоо мөөнөтү мындан 46 жыл мурун аяктаган 22 тонна тоок этин колго түшүрдү. Өлкөнүн ММКлары жарыялагандай, кармалган товар тооктун моюндары менен буттары болгон жана аларды сактоо мөөнөтү 1967-жылы эле бүткөндүгү аныкталды. Полициянын билдиришинче, бул тоок эттери көп жолу химиялык кошулмалар аркылуу иштелип, бактериялардан арылып жана товардык көрүнүшүн сактап турган. Бул контрабандачыларды кармоо операциясы 2013-жылдын май айында эле башталып, июлда гана жыйынтык берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Улуу болсо мейли уулуу экенинде шек жок,абайлабасак болбойт!!