super.kg logo

Белгилүү модель Ким Кардашьян Калифорниядагы өрттөн улам үй-бүлөсү менен башка аймакка көчтү

 

Америкалык белгилүү модель Ким Кардашьян жана анын жолдошу, рэпер Канье Уэст Калифорния штатындагы өрттөн улам эвакуацияланды. Бул тууралуу Ким Кардашьян социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

"Мен үйдөн документтерди жана баалуу буюмдарымды алып чыгып кетүү үчүн 1 саат эле убактым болду. Кырсыктан эч ким жабыркабаса экен деп дуба кылам. Өрт өчүрүүчүлөргө терең ыраазычылыгымды билдирем", - деген ал өз билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Калифорниянын түндүгүндөгү токойдон чыккан өрт Парадайс шаарын күлгө айлантты. Өрт бейшемби күнү эртең менен башталган.

Шаардык бийлик жарыялагандай, жергиликтүү калк толугу менен эвакуацияланууда. Алар жалпысынан 27 миң адам. Шаардан чыгып кетип жаткан унаалардын тыгынынан улам жөө кетип жаткан адамдар да бар. Paradise Post басылмасы унаалар тыгынында калган кош бойлуу аялдын ошол жерден толгоосу башталганын жазды. Ошондой эле эки адам күйүктөн жаракат алган. Акыркы маалыматка таянсак, Бьютт округунан жалпы 50 миңдей калк башка жакка чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.11.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
От менен суу коркунучтуу тилсиз
10.11.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
байлар да ыйлайт болуптур да
11.11.2018. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдары кара терилууго?
11.11.2018. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bars111,куйоолору кара терилуу болсо балдары апакай болсунбу? Бут уйбулосу кара терилуулор менен журот
11.11.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча акча мн орт буларды "айланып отмок"....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: