super.kg logo

Леди Гага, Орландо Блум, Жерард Батлер, Майли Сайрус... Калифорниядагы өрттүн кесепетинен хан сарайларынан ажыраган атактуулар

 

АКШнын Калифорния штатындагы токойдон чыккан өрттүн кесепетинен айрым Голливуд жылдыздары хан сарайларынан ажырады. Алардын арасында ырчы, актриса Майли Сайрус, Леди Гага, актёр Жерерд Батлер жана башкалар бар.

Канадалык музыкант Нил Янг өрттүн кесепетинен үйүнөн ажыраган. Ал "мен кырсык болгонго чейин Калифорниядагы бир үйүмдөн кол жуугам, мынтип өрттүн айынан экинчи үйүмдөн ажырадым" деген ал.

Ырчы Леди Гага үйүн таштап, коопсуз аймакка көчүүгө аргасыз болгон. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына сүрөт жүктөп, билдирүү калтырган. Анда өрт аймактагы үйлөрдү жалмап, ырчы отурукташкан үйгө жакындап келе жатканын көрүүгө болот.

Ал эми Майли Сайрустун хан сарайы толугу менен күйүп кеткен. Ырчы кырсык тууралуу: "Өрт тууралуу маалыматтарды уккан сайын маанайым чөгүп жатат. Менин үйүм күйүп кетти. Бактыга жараша, менин сүйүктүүм жана үй жаныбарларым өрттөн аман калышты. Эми ал үйүм жок болсо дагы анда өткөргөн жакшы күндөрүмдү эстеп жүрөм. Өрт өчүрүүчүлөргө рахмат!" деген билдирүүсүн жазган. Ошондой эле Майли Сайрус кырсыктан каза болгондордун жакындарына кайрымдуулук кылууну сунуштаган.

Актёр Жерард Батлер дагы коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Анын Малибу шаарындагы үйү, короосунда турган унаасы күйүп кеткен. Актёр өрт өчүрүлгөндөн кийин күлгө айланган үйүнө барып, сүрөткө тартып келген.

Буга чейин англиялык актёр Орландо Блум өзү жашаган көчөдөгү үйлөрдүн күйүп жаткан сүрөтүн социалдык тармак аркылуу бөлүшкөн.

Мындан тышкары модель жана актриса Кортни Кардашьян өрт тууралуу сүрөт жүктөгөн. Сүрөт дрон менен тартылып, Кортни Кардашьян жашаган көчөнү каптап келе жатканын даана көрсөтүлгөн.

Калифорниядагы бул өрт штаттын тарыхындагы эң ири кырсык катары эсептелүүдө. Кырсык 8-ноябрь күнү башталган. Өрттөн каза болгондордун саны күндөн күнгө өсүүдө. Тилсиз жоо жакындап келе жаткан Малибу, Калабасас жана Агаура шаарларынын жашоочулары да коопсуз жайларга чыгарылууда. Эми кырсык Лос-Анжелес шаарына да жакындап баратат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.11.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Леди Гаганын ушул костюму калыптырбы.
12.11.2018. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АКШ эмнеге ортту очуралбай жатат
12.11.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tina-Tin,может Аллахтан сыноо эскертууболуп жаткандыр Америкага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: