super.kg logo
  Саясат  

УКМКнын өкүлү: "Кубанычбек Кулматов көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат"

 

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бакытбек Жетигенов экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу "4 айдан бери тергөө иштери жүрбөй жатат" деп айтканын билдирди. "Эмне үчүн Кулматов менен иш жүргүзүлгөн эмес. Коомчулукта анын күнөөсүн таппай жатат деген ойлор жаралып жатат", - деди депутат.

УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу Кулматов көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатканын айтты. "Ал айыпталуучу болгондуктан, көрсөтмө бербей койгонго укуктуу. Ал көрсөтмө берсе жактоочусун чакырабыз. Жактоочу кээ бир учурда туура эмес маалымат берип жатат", - деди Самидин уулу.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев жактоочу бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылса боло турганын белгиледи.

Жыйында "2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыяны сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтом каралды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: