super.kg logo

Бишкекте "Карек" балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы өтүүдө

 

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарында "Карек" балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы 3-ирет өткөрүлүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Маалыматка ылайык, фестивалга катышууну каалаган жаш таланттардын "Бул менин дүйнөм", "Мен жана жаратылыш" темаларына тартылган тасмалары 2018-жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынган. Калыстар тобунун чечими менен сынакка жалпы 19 тасма тандап алынган.

"Тандалган тасмалар "Мыкты оюн тасма", "Мыкты анимациялык тасма", "Мыкты даректүү тасма", "Мыкты режиссёр", "Мыкты сценарист", "Мыкты монтажёр", "Мыкты оператор", "Мыкты актёр", "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы" номинацияларында ат салышып, мыктылары аныкталат", - деп билдирди уюштуруучулар.

Жеңүүчүлөргө статуэтка, диплом жана белектер тапшырылат. Эң мыкты тасмалар чоң экранда сыйлык тапшыруу аземинде көрсөтүлөт. Мындан сырткары жеңүүчүлөр Кыргыз өлкөсүнүн атынан чет жерде өтүүчү сынактарга катышууга мүмкүнчүлүк аларын уюштуруучулар кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: