super.kg logo

SUPER TV: Талант 60K баштаган команда буканы багындырса, Бегимай Карабаева, Ильяз Абдыразаков букага багынды

 

SUPER.KG порталынын SUPER TV бөлүмү жылдыздардын катышуусунда бүйүр кызыткан "Zor Шоу" программасын тартуулайт. Бул ирет атактуулар борбор калаадагы оюн-зоок клубдарынын биринде таймаш өткөрүштү.

Эсиңиздерде болсо, буга чейин атактуулар бийик жардан секирип тобокелге барышкан. Кийинки этапта ырчылар Айдана Дека менен Алмаз Шаадаев коркунучтуу караңгы бөлмөгө кирип квест ойноп чыгышкан. Ал эми ырчы жигиттерден турган 2 топ пейнтбол – көңүл ачуучу экстремалдык оюнун ишке ашырышкан. Ошондой эле жылдыздар чоң көлөмдөгү үйлөнгөн шарларды кийип алып бампербол оюнунда күч сынашкан. Андан соң эки командага бөлүнгөн атактуулар суу оюндары жана тоскоолдук тилкесинде таймаш өткөрүшкөн.

Бул жолу оюнга ырчылар Ильяз Абдыразаков, Ирлан Таалайбеков, Кенже Көбөкова, Айганыш Абдиева, Бегимай Карабаева, "60K" тобунун солисти Талант Кадыров, актёр Амантур Мусаев, "тамашоучу" Эрмек Таалайбеков, актриса Альбина Имашова, алып баруучу Назира Айтбекова катышты.

Атактуулар "Супер-мупер" жана "Өллө сонун" деген 2 командага бөлүнүп, алгач эстафета түрүндө бийиктиктен ылдыйды көздөй баллон менен сыйгаланып, командалык жарыш өткөрүштү. Анда Назира Айтбекова бийиктик анын фобиясы экенин айтса, Айганыш Абдиева таймаштан адреналин алганын билдирди.

Андан соң жылдыздар тизилген оюнчуктарды ачакей менен атып түшүрүү боюнча күч сынашты. Ал эми соңку оюндун шарты боюнча катышуучулар бир-бирден кыймылдап турган буканын үстүнө отуруп, 1 мүнөткө чейин кулабай турушу керек эле. Бирок мында Альбина Имашова, Ильяз Абдыразаков, Эрмек Таалайбеков жана башка катышуучулар кармана албай, буканын үстүнөн кулап түштү.

Буга чейин ат минип көрбөгөнүн айткан Эрмек Таалайбеков буларга токтолду:

"Мен жакында эле биринчи жолу ат минип көрдүм. Бул оюнда ат минбегеним дароо эле көрүнүп калды окшойт", - дейт "тамашоучу".

Оюн учурундагы күтүүсүз жана кызыктуу көз ирмемдерди жана кайсы команда жеңишке жетишкендиги тууралуу төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар.


кошулду





ZOR Шоу: Ильяз Абдыразаков букага багынса, Талант 60K`нын командасы буканы багындырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
16.11.2018. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жашоо ырчылардыкы. Кимдир бирөө дарыга акча таппай жүрөт,кимдир бирөө ушинтип жыргайт
22.11.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyty1990,Ар ким озунун кылган мээнетине жараша анын жемишин жей берет.Кимдир бироо мын ип отурат деп,башка бироо мункурап отуруп калышы шарт эмесго.Бул алардын жашоосунун бир бурчунан эле сурот,ал суроттордун артында жашоосу кандай бир гана оздоруно белгилуу.
16.11.2018. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин дагы ушундай жерге барып ойногум келип жатат
22.11.2018. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кайсы жерде
SUPER.KG видео
22.11.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Альбина Имашова, азамат!

SUPER.KG видео
22.11.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайын эле утулдук дейт го. Чычалаган чын болот!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: