super.kg logo

Жагымдуу музыка менен азыктандырган кече. Обончу жана аткаруучу Таалайбек Тойчуев "Сен сүйгөн карагат" аттуу концерт берди

 

Кыргыз улуттук филармониясында 18-ноябрда Маданияттын мыкты кызматкери, обончу, аткаруучу Таалайбек Тойчуев алгачкы "Сен сүйгөн карагат" аттуу жеке концертин берди.

Обончу жана аткаруучуну куттуктап төкмө акындар Жеңишбек Жумакадыр, Рахматулла Козукеев, куудул Ильяз Агыбай уулу, ырчылар Бактияр Токторов, Расул Маматкулов, Өктөм Сапар уулу, Фарида Карбосова жана башкалар келди. Ошондой эле Баткен райондук администрациясынын атынан келген өкүлдөр обончуга аталган аймактын иш-чараларына активдүү катышкандыгы үчүн "Баткен районунун ардактуу атуулу" наамын беришти.

"Айылым", "Сен сүйгөн карагат", "Баткеним" жана башка көптөгөн ырлардын обонун жараткан Таалайбек Тойчуев: "Чыгармачылыкта 20 жыл жүргөнүм менен эми жеке концерт берип турам. Бул чыгармачыл кечени өткөрүү үчүн толук 3 ай даярдандык", - дейт. Кеченин дагы бир өзгөчөлүгү болуп ырчынын эки кызы, Тахмина жана Эркайымдын сахнага ырдап чыкканы болду. Филармонияга келген эл 3 саат ичинде жагымдуу музыка менен азыктанып кайтты.






"Айылым" ыры менен таанымал Таалайбек Тойчуев жеке концертин тартуулады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
19.11.2018. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечирип койсун го, бирок 20 жылдан бери журсо да мен жакында эле "сен суйгон карагат" деген ырынан эле тааныдым. Откондо рекламасын поруп 1 ыр чыгарып эле концерт кое берет деп жиним келип атса, уйдогулор да кайсы ыры бар мунун, ким бул дешип аткан да
19.11.2018. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nargiz94, эми сен билбесен башкасы ьилет башкасы угат бул ырчынын ырларында мен ла таныьайм просто баракелде деп койолу
19.11.2018. 04:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул ырчыны 1998 жылдан бери тааныймын
19.11.2018. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырчы Чынында Баткен Оштон чыкпайле ырдап жүргон бирок Түштүк тарапта аябай популярдуу болчу,[moderated]дан издесенер 90 жылдары тартылган клиптери бар аябай жакшы тартылган клиптери.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: