Мамлекеттик тарых музейинде “Жылдыздар жомок окушат” аттуу окуу бурчу ачылды
10-июлдан тарта Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен биргеликте “Жылдыздар жомок окушат” аттуу окуу бурчу ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган долбоор үстүбүздөгү жылдын 18-19-май күндөрү өткөн Билим берүү фестивалынын алкагында башталып, бүгүнкү күнү улантылып келе жаткан билим берүү жана көңүл ачуу долбоору болуп эсептелет. Анда белгилүү кыргыз инсандары бөбөктөргө жомок окуп, ар кандай жаңы нерселерге үйрөтмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.