super.kg logo

Америкалык актриса, фотомодель Пэрис Хилтондун үлпөт тою болбой калды

 

Амеркикалык актриса, дизайнер жана фотомодель Пэрис Хилтон алдыда боло турган үйлөнүү тойдон баш тартты. Чет элдик басылмалар актриса эмне себептен турмушка чыгуудан баш тартканы белгисиз экенин жазып чыгышты.

Түгөйлөрдүн жакындары "Крис Зилка менен Пэристин үйлөнүү тою болбой калды. Алар ноябрь айынын башынан тарта эки башка жолго түшүшкөн. Учурда Пэрис менен Крис карьерасына олуттуу мамиле жасап жатышат", - деген билдирүү жасаган.

37 жаштагы актриса америкалык актёр, модель Крис Зилка менен 2017-жылдан тарта мамиле куруп келген. Ал эми 2018-жылы Крис Зилка Пэрис Хилтонго баш кошуу тууралуу сунушун тоодо киргизген. Алар эс алып жаткан лыжа тебүүчү жерде Крис тизелеп сүйүктүүсүнө бирге болуу тууралуу сунушун айтып, 20 караттык бриллиант көздүү шакекти сунган. Ырчы сунушка макулдугун дароо билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: