super.kg logo

"Супер хитке" Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" жана Гүлзат Мамытбектин "Кыргызым менин" чыгармалары кошулду

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон жана 3 ирет биринчиликти багындырып, "Сыйлуу тизмеге" кирген эки чыгарманын ордуна Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" жана Гүлзат Мамытбектин "Кыргызым менин" чыгармасы кошулду.

14-НОЯБРДАН 21-НОЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Эдил Маматовдун аткаруусундагы "Кайда?" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп сынактан четтетилди.

9-орунда - Жийдеш Идирисованын "Наринай" видеокомпозициясы жайгашкан.

8-орун - 60`K тобунун "Мерез жүрөк" видеокомпозициясына буюрган.

7-орунду - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" клиби камсыздаган.

6-орунду - Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Бакытымсың" клиби ээлеген.

5-орунда - Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" чыгармасы жайгашкан.

4-орунду - Мажиттин аткаруусундагы "Адашпа" чыгармасы камсыздаган.

3-орун - Добрдун "Бир айым" клиби алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Данияр Эрматовдун "Бир туугандарым" аталышындагы клибине буюрган.

1-орун - Мирбек Атабековдун "Жалынам" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, ушуну менен 3-ирет жеңүүчү аталды. Чыгарма "Супер хиттин" "Сыйлуу тизмесинен" орун алды.

"Чыгарма 2-3 жыл мурда жаралган. Анда Эрнест Жоошовдун студиясына барып 3-4 аранжировка уккам. Аранжировкаларга обон жазып, алардын арасында "Жалынам" деген чыгарманын обону жаралган. Кийин Эрмек Маматов деген досум ыр сураганынан ушул обонду бергем. Ал Урмат Усеновго сөзүн жаздырып, бирок ырдап чыккан эмес. Быйыл режиссёр Руслан Акун "Көк бөрү" тасмасына ылайыктуу чыгарма барбы?" деп калды. Мен чыгармалар, обондор жазылган архивди карап отуруп "Жалынамга" токтолдук. Башкасын сунуштасам "ушул чыгарма хит болчудай" деп жактырып калды. Тасма тартуучу топ чыгарманы угуп, жактырышкан. Ошондо Эрмек Маматов чыгарманы менин аткарып чыгуума уруксат берген. Анткени бул чыгарманын обонун Маматовго белек кылгам да. Кийин аны унутуп калып, ыр сураса сунуштай бериптирмин", - дейт ырчы.

Сүйүктүү клибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.11.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чыпалак баатыргада ыр жазып берип койчу жакшыраак ырлардан же озуно кошуп алгын Гулзат. ХХХХХХХХ баратат
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-21 15:42:06
21.11.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А.Акимовдун ыры норма
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: