super.kg logo
  Саясат  

"Мурунку жана азыркы президенттин кайым айтышуусу боюнча улуттук макамдагы комиссия түзүлүшү керек" дейт Мадумаров

 

Бүгүн, 21-ноябрда саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйынын берип жатат. Ал президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуудан жыйынтык чыгары күмөндүү деген пикирин айтты.

Жыйында экс-президенттин маеги тууралуу да сөз болгонуна токтолуп: "Президентке "сиз да түз эфирге чыгып сөздөрдү ачык айтышыңыз керек" деген талап коюлду. Киши түздөн-түз жооп бергенде гана эл ишенет. Эки кишинин бири-биринин кайым айтышуусунан калктын эл аралык деңгээлде кадыр-баркы көтөрүлбөйт. Бул боюнча улуттук макамдагы комиссия түзүлүшү керек. Ошондой кыла турган аксакал барбы? Жок. "Сиз жалгызсыз. Сиз бар үчүн жарык болду. Дайым жаныңызда болобуз" дегендерге "сиз абдан туура айттыңыз деп куураттык. Экс-президентке да убагында үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган деп бата берген сиздер эмеспи?" дедим. Биринчи жолу ушундай жыйын өтүп жатат дешти. Мындан да чоңураак форматтагы жыйындар болуп келген. Жыйынтык чыгарына күмөнүм бар", - деди Адахан Мадумаров.


кошулду





Адахан Мадумаров: "Президенттердин кайым айтышуусу боюнча улуттук макамдагы комиссия түзүлүшү керек"

Автор: Наргиза Өмүрбек кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: