super.kg logo

"Вечерний Бишкек" басылмасынын ээси камакка алынды

 

Кечээ, 21-ноябрда "Вечерний Бишкек" басылмасынын акцияларынын контролдук пакетинин жана жарнамалык "Рубикон" фирмасынын ээси Александр Рябушкин камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Вечерний Бишкек" басылмасынын акционерлери тарабынан түшкөн арыздардын негизинде текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анда Свердлов райондук сотунун (2016-жылдын 5-февралынан тарта) жана апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык сотунун чечими менен (2016-жылдын 15-июлунан тарта) "Вечерний Бишкек" басылмасы, "Вечерний Бишкек" гезитинин редакциясы, басылманын интернет сайты, "Жаңы Агым" жана "МСН" гезиттери ошондой эле "Рубикон" жарнамалык фирмадан Эркин Мамбеталиевдин пайдасына 1 миллион сомду өндүрүп берүү өкүмү чыккан. Ошондой эле Свердлов райондук сотунун чечими менен 2015-жылдын 28-августунан тарта "Вечерний Бишкек" басылмасынан Икрамжан Илмияновдун пайдасына 1 миллион сом өндүрүп берүү өкүмү чыккан.

2016-жылдын 21-октябрында Мурат Божокоев менен Рябушкин алдын ала сүйлөшүп алып, бөлүштүрүү жана башкаруу ыйгарым укуктарын пайдалануу менен “Вечерний Бишкек” компаниясынын акционерлеринин кызыкчылыктарын эске албай туруп, арыз ээси Э.Мамбеталиев менен “Вечерний Бишкектин” гана каражатынан 1 миллион сомду төлөө боюнча макулдашууга кол коюшкан, бирок бул акча каражат "Вечерний Бишкек" басылмасынан, "Вечерний Бишкек" гезитинин редакциясынан, басылманын интернет сайтынан өндүрүлгөн. Ошол эле күнү "Вечерний Бишкек" басылмасынын кассасынан Мамбеталиевге 1 миллион сом акча берилген. Мындай иш-аракеттер менен басылманын директору жана басылманын башкармалыгынын башчысы тарабынан жабык акционердик коомго материалдык зыян келтирилген.

Аныкталган фактыларга ылайык, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан 2018-жылдын 2-ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 173-берененин 2-бөлүгү, 221-берененин 1-бөлүгү, 350-берененин 1-бөлүгү менен кылмыш иштери козголгон. 21-ноябрда А.Рябушкин Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
22.11.2018. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Короалбастык адамдын тубуно жетет го. Толосо да туура эмес толоду деп камакка алат. Ой тобоо.
22.11.2018. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
рябушкинди эмес Атамбаев менен Фарид Ниязовду камаш керек вечерный бишкекти ушул эр гулдар басып алып айына акча төлөп турууну милдеттендиришип бул ишканадан акча алып турушкан.
22.11.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясат бар окшойт го. Бийликти жамандап жпзчу беле
22.11.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
souza.j,Саясаттын С тамгасы да жок бул жерде. Бул басылманы Атамбаевдин адамдары рейдерлик жол менен басып алып, айына 60 мин доллар алып турган
22.11.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бир еле чети билинген билинбеген былыктары толтура Эркин Мамбеталиеви
Турмодон кантип чыккан ким чыгарган
Кантип тез арада байып Пансионат сатып алып чон чон машинелерди минип автоматчан журуп калды еле го
22.11.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаевди дагы кошо камаш керек. Учурунда Фарид Ниязов деген эргул бул басылманы каракчылык жолу менен басып алышкан. Бирөөнүн мүлкүн басып алууга АШАга ким уруксат берди дейимда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: