Интерполго жаңы башчы дайындалды

Маалыматка ылайык, Ким Чон Ян Дубайда өткөн башкы ассамблеянын 87-сессиясында Интерполго башчы болуп шайланып, кызматка 2 жылга бекитилди.
Ким Чон Ян Интерполдо 2012-жылдан бери эмгектенип келет, ал 2015-жылы уюмдун вице-президенти болгон.
Октябрь айында уюмдун мурдагы президенти Мэн Хунвэй паракорлук беренеси боюнча айыпталып, камакка алынган соң Ким Чон Ян президенттин милдетин аткаруучу болуп эмгектенип жаткан. Ким Чон Яндан тышкары аталган кызматка уюмдун вице-президенти орусиялык Александр Прокопчук ат салышкан. Буга чейин чет элдик басылмалар Прокопчуктун президент болушуна мүмкүнчүлүктөрү көп экенин жазып келишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:57
2025-07-07
9:42
2025-07-07
9:37
2025-07-07
9:28
2025-07-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.