super.kg logo

Кара-Сууда кумшекер үчүн чыккан жаңжалдан соң каналдан өлүгү табылган келиндин атасы анын өлүмүнө кудагыйын күнөөлөп жатат

 

Кара-Сууда кумшекер төгүп алып жаңжалдашкандан кийин каналдан өлүгү табылган келиндин окуясы боюнча тергөө иштери улантылууда. SUPER.KG порталына бүгүн, 22-ноябрда облустук милициядан билдиришкендей, маркумдун күйөөсү, кайненеси, кийин кошуналары да суракка алынган.

Белгилүү болгондой, тергөө иштери дагы бир нече убакытты талап кылат. Анын жыйынтыгына ылайык, эгер жаш келинди өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы далилденсе, кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр жоопко тартылмакчы.

Ал эми өлүгү каналдан табылган келиндин атасы Муратжан Мамажанов жергиликтүү каналдардын бирине берген маегинде анын кызы менен күйөө баласынын мамилеси жакшы болгонун билдирди. Анын айтымында акыркы жыл ичинде кыз менен кайненесинин ортосунда уруш көп болгон.

"Кызым жоголгонго чейин 1 жума мурун да үйүндө жаңжал болгон. Анда кайненеси жактырбай уруш чыгарган экен. Ал "сен мага жакпайсың" деп өзү жактырган кызды уулу албай койгону үчүн көп уруш чыгарчу. Муну укканда мен биздикине келип 10 күндөй туруп тур десем кызым күйөөсү экөө бири-бирин жакшы көрөрүн, күйөө балам аны Арабияга алып кетерин айтканын билдирген. Буга кайненеси каршы болуп уруш чыгарып келген.

Тагдыр экен да, күйөө балам кызымды анын сүрөтүнөн көрүп жактырып калган. Кийин экөө баш кошуп жашап калышты. Кызым жоголор алдында да түнү катуу уруш чыккан. Ал таң эрте үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Саат 11 чамасында "кызың чыгып кеткен бойдон жок" деп телефон чалышты. Ал күнү түнкү саат 1ге чейин издедик. Эртеси күнү да кечке издеп жүрдүк. Биз эки неберебизди өзүбүзгө алып келип алдык. Ошентип 3 күн дегенде гана кечки саат 9:30дар чамасында кызымдын өлүгү Өзбекстандын Шаркан-Сай каналынан табылды деген кабар келди. Эртеси күнү түштө кызымды жерге бердик", - дейт Мамажанов.

Буга чейин жансыз денеси каналдан табылган 21 жаштагы келин менен күйөөсү бир тууган ага-ининин балдары болгону айтылган. Ал күйөөсү экөө акыркы 5 жылдан бери бирге жашап, эки балалуу болушкан.

Эске салсак, келиндин жансыз денеси 3-ноябрь күнү Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан табылган. Келин 2-ноябрь күнү күндүзгү саат 11:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын милицияга атасы билдирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
22.11.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ага инилердин балдары болсо, анан суротун коруп жактырган дейби? Же мен тушунбой жатамынбы? Же булар катышпаган ага инилерби?
22.11.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
muhsina,мен да ошого түшүнбөдүм. Ага-ининин балдары болсо ата-энелери зордоп үйлөнткөн болсо керек дегем. Анан эле кайненеси ал айткан кызга үйлөнбөгөнү үчүн жактырбай жүргөн дейт. Күйөө балам кызымды сүрөттөн көрүп жактырып калыптыр дейт, бир туугандын балдары бири- бирин таанычу эмес бекен ээ
22.11.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алысырак ага ини болушса керек да
22.11.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен менен тен экен тогузду бутуп эле тийиптирда жаш кыздарды эрте берген ата энелер кичине ойлонгулачы турмуш оной нерсе эмееес.
22.11.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыскасы эптеп жок дегенде 2жылга да кайненеси жатып чыксын куноо кайненеде
23.11.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
16 жашында турмушка чыкканбы ошондо?21жашта, 5 жыл чогуу жашаган.
23.11.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата энесинде куноо 15 жашында эрге берген!
23.11.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ага инин балдары бир тууган болушатко карындашын алып берип койгонбу
23.11.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта! Ага ини балдарын уйлонтуп айнып калышкан го. Кудайдын каарына калгансынар го ((((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: