Бишкекте 1-декбарга чейин электр жарыгын кыска мөөнөткө өчүрүүлөр боло турганын "Түндүк электр" ишканасы билдирди
"Түндүк электр" ишканасы "Улуттук электр тармактары" компаниясындагы "Парковая", "Арча-Бешик",
"Мамбетов" көмөк чордондорунун жабдыктарынын кубаттуулугун күчөтүү багытындагы оңдоп-түзөөлөргө байланыштуу күндүз шаардын айрым бөлүктөрүндө кыска мөөнөткө электр энергиясын өчүрүүлөр болушун маалымдайт. Белгилүү болгондой, Бишкектин батыш тарабынан Аэропорттук - Тынчтык проспектиси, Ак-Өргөө, Ак-Ордо, Ала-Тоо, Арча-Бешик жаңы конуштарында, шаардын чыгыш тарабынан Орто-Сай айылында Малдыбаев, Дүйшөмбү көчөлөрүндө жана ошол чөлкөмдүн айрым бөлүктөрүндө өчрүүлөр болушу мүмкүн. Мындай өчүрүүлөр 1-декабрга чейин уланмакчы.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















