super.kg logo

ЖЭБдеги кырсыктан бир күн мурун кышка карата даярдык боюнча жыйын өтүп, бирок ЖЭБдеги көйгөй көтөрүлбөгөнү айтылды

 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишти кароо уланууда. Сот залында өкмөттүк аппараттын Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча бөлүмүнүн эксперти Надежда Давлеталиева күбө катары суралып жатат.

Ал 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү штабы ЖЭБдеги кырсыктан бир күн мурун, 25-январда жыйын өткөргөнүн, бирок анда ЖЭБдин даярдыгы жана көйгөйлөрү көтөрүлбөгөнүн айтты.

"2017-жылдын июнь, июль, декабрь айында, 2018-жылдын 25-январында өкмөттүн күз-кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча штабдын жыйыны өткөн. Мен ал жыйынга штабдын катчысы катары катышкам. Так эсимде, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев доклад жасаган. Бирок ЖЭБдеги көйгөйлөр көтөрүлгөн эмес", - деди Давлеталиева.

Энергетика тармагындагы ишканалардын мурунку жетекчилери Айбек Калиев, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Темирлан Бримкулов, Нурлан Өмүркул уулу, Нургазы Курманбеков жана Нурлан Садыковго ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы) менен козголгон кылмыш иштин негизинде айып тагылууда.

Козголгон кылмыш иштин негизинде "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов УКМКнын тергөө абагында, ал эми калган үчөө үй камагында.

Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: