super.kg logo

ТЕСТ: Компьютердик оюндарды ойноп миллиондогон акчаларды утуп алууга мүмкүн деп ойлойсузбу? Киберспорт тууралуу тесттен өтүп көрүңүз

 

23-ноябрда 2004-жылы "World of Warcraft" онлайн компьютердик оюну ишке киргизилип, жылдын "Эң мыкты оюну" аталган. Бул тез арада өз күйөрмандарын таап, 2012-жылы иштеп чыккан компанияга 10 миллиард АКШ долларын түзгөн киреше алып келген. Азыркы күндө компьютердик оюндар менен алек болгондордун саны арбын. Айрым компьютердик оюндарга бир учурда миллиондон ашык оюнчулар кирген убакыттар аз эмес. Бир нече жылдан бери компьютердик оюндар боюнча мелдештер уюштурулуп, байге фонддору 1 миллион доллардан 100 миллион доллардан жогорку бааны түзөт.

Ошондой эле компьютердик оюндарды киберспорт деп атап, олимпиаданын программасына киргизүү сунуштары каралып жатат.

SUPER.KG порталы "World of Warcraft" онлайн компьютердик оюнунун 14 жылдык маарекесине сиздер үчүн тест даярдап, жалпы компьютердик оюндар тууралуу билимиңизди текшерип алууну сунуштайт


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Дүйнөдө кайсы компьютердик оюн боюнча мелдеште эң көп акчалай байге коюлат?

Дүйнөдө "Dota 2" оюну боюнча мелдештерде эң көп акчалай байге коюлат. Мелдеш "The International" деп аталып, 2011-жылдан бери ойнотулуп келет. Алгачкы жылы байге фонду 1 миллион 600 миң долларды түзсө, 2018-жылы орун алган мелдеште байге фонду 25 миллион 532 миң долларды түзүп, жеңүүчү команда 11 миллион 190 миң доллар байгеге ээ болгон.

Кийинки суроо


CS: GO
Dota 2
World of Tanks
League of Legends

Төмөнкүлөрдүн арасында кайсы оюн компьютердин стандарттык оюндарынын катарында жок?

Снайпер аталышындагы оюн компьютердин стандарттык оюндарынын катарында жок.

Кийинки суроо


Косынка
Сапёр
Солитер
Снайпер

Бишкекте 2015-жылы компьютердик оюн боюнча Кыргыз өлкөсүнүн алгачкы чемпиондугу өткөн. Мелдеш кайсы оюн боюнча болгон?

Бишкек шаарында 2015-жылы "World of Tanks" компьютердик оюну боюнча өлкөнүн алгачкы чемпиондугу өткөн. Мелдештин баш байгеси 600 000 сомду түзүп, финалда эң күчтүү 4 команда күч сынашкан.

Кийинки суроо


War Thuder
Battlefield
World of Tanks
Panzer Elite

Cүрөттөгү оюндун аталышы кандай?

Бул сүрөт "Need For Speed" деген оюндун "Most Wanted" бөлүгүнөн алынган. Бул оюн 2012-жылы чыгып, тез арада күйөрмандарды топтогон.

Кийинки суроо


Need Test Drive
Rice Driver
Crash Drift
Need For Speed

1980-жылы чыккан "Mr. Pac Man" оюнунда баш каарманды кубалаган арбактардын ысымдары кандай?

"Mr. Pac Man" оюнунда баш каарманды кубалаган арбактардын ысымдары төмөнкүдөй: Кызыл арбак - Блинки; Күлгүн арбак - Пинки; Көгүлтүр арбак - Инки; Кызгылт сары арбак - Клайд.

Кийинки суроо


Пенки, Илки, Тринки, Фред
Блинки, Пинки, Инки, Клайд
Тренки, Денки, Тенси, Брет
Кленки, Женки, Плонки, Брон

GTA оюнунда башкы каарман эмне менен алектенет?

GTA (Grand Theft Auto) оюну англис тилинен которгондо "унааны уурдоо" дегенди түшүндүрөт. Анда оюнчу кылмышкердин ролун ойнойт. Ал өзүнүн каалоосу менен жана буюртмалардын негизинде ар түрдүү кылмышка барат.

Кийинки суроо


Кылмышкерлерди кармоо менен
Шаарды башкаруу менен
Кылмыштуулук менен
Каршылаштарын жок кылуу менен

"Warcraft III: The Frozen Throne" ("Dota") оюнунда "рэмпейж" деген сөз эмнени түшүндүрөт?

"Рэмпейж" деген сөз "Dota" оюнунда "5 каршылаш жок кылынды" дегенди түшүндүрөт.

Кийинки суроо


Оюн учурунда "5 каршылаш жок кылынды" дегенди
Оюндагы буюмду сатып алууну
Оюндагы каарманды
Оюндун аяктаганын

Бул сүрөт кайсы оюндан алынган?

Cүрөттөгү оюн "Warcraft III: The Frozen Throne" деп аталат. Бул оюнду ойногондор өз ара "Dota" деп аташат. "Dota" деген аталыш "Warcraft III: The Frozen Throne" оюнунун бөлүгү "Defense of the Ancients" дегенден кыскартылган. Оюнда 5 кишиден түзүлгөн 2 команда бири-бири менен күч сынашат.

Кийинки суроо


Warcraft II: Beyond the Dark Portal
Warcraft II: Battle.net Edition
Warcraft III: The Frozen Throne
Warcraft III: Reign of Chaos

"Counter Strike" оюнунда "хэдшот" деген сөз эмнени түшүндүрөт?

"Хэдшот" деген сөз "Counter Strike" оюнунда каршылашыңды башка атып өлтүрүүнү дегенди түшүндүрөт.

Кийинки суроо


Раунддагы жеңишти
Каршылашыңды граната менен жардырып салууну
Каршылашыңды бычак менен өлтүрүүнү
Каршылашыңды башка атып өлтүрүүнү

Учурда "Counter Strike" оюнунун кайсы бөлүгү эң көп колдонуучуга ээ?

Учурда дүйнөдө "Counter-Strike" оюнунун "Global Offensive" бөлүгүнүн колдонуучулары көп. Бир күндө "CS: GO" оюнуна 500 миңден 700 миңге чейин онлайн колдонуучу кирет.

Кийинки суроо


Counter-Strike: Condition Zero
Counter-Strike: 1.6
Counter-Strike: Source
Counter-Strike: Global Offensive

2017-жылы Кыргыз кызы чет элдик киберспорттук уюм менен келишим түзгөн. Ал кызды билесизби?

Алгачкылардан болуп чет элдик киберспорттук уюм менен кыргыз кызы Жамиля Алагозова келишим түзгөн. Ал "Counter-Strike: Global Offensive"(CS:GO) компьютердик оюнун ойноп, орусиялык "SFT e-Sports" киберспорттук уюмунда ойноого макулдашкан.

Кийинки суроо


Асел Ажалова
Алия Салкынова
Жамиля Алагозова
Алана Бекмуратова

Сүрөттөгү оюндун аталышы кандай?

Cүрөттөгү оюн "Counter Strike" деп аталат. "Counter Strike" - бул компьютердик оюндардын атышуу жанрындагы сериясы.

Кийинки суроо


Contra
Counter Strike
Counter Game
Counter Terrorism

Сүрөттөгү оюндун аталышы кандай?

Сүрөттөгү оюндун аталышы - "Mario". Оюндун сценарийинде башкы каарман Марио суу түтүктөрүн оңдогон кызматкер болот. Ал бир нече жолу ханбийке Пичти терс каарман Боузерден сактап калат.

Кийинки суроо


"Donkey Kong"
"Contra"
"Pokemon"
"Mario"

Эң алгачкы оюндун аталышы кандай болгон?

Стив Рассел менен Мартин Грац ойлоп тапкан дүйнөдөгү алгачкы оюн "Spacewar" деп аталган. Оюнду эки адам ойноп, космостук кемелер өз ара атыша алган.

Кийинки суроо


"Computer Space"
"Spacewar"
"Galaxy Game"
"Mario"

Дүйнөдөгү эң алгачкы компьютердик оюн кайсы жылы чыккан?

Эң алгачкы оюн 1962-жылы АКШда чыккан. Аны Массачусетс технологиялык университетинин базасында Стив Рассел менен Мартин Гретц ойлоп тапкан.

Кийинки суроо


1949-жылы
1962-жылы
1994-жылы
2000-жылы

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
23.11.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94 упай, Азаматсыз! Сиз компьютердик оюндардын күйөрманы окшойсуз - дейт го.

24.11.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Angry_commentator,компьютердик оюндардын куйорманы болуп журо бербей, реалдуу жашасан
23.11.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюндар жоноундо деп эле ощгортуп койгула теманы
23.11.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
34 ball boldu o8ndarga kyzykpaganym uchungo
23.11.2018. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
40
23.11.2018. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Муну жанагы комптон башы чыкпай оюн жиндилер эле билбесе бирин да билбейт экем. Билгенден Кудай сактасын.
24.11.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
34
24.11.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5суроого туура жооп бердим,бирок случайно эле дал келип калды,билбей эле баса бергем жообун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: