super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-НОЯБРЬ: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев 33 жашка чыкты

 

Бүгүн, 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев 33 жашка толду. Ырчы менен байланышып куттуктаганыбызда ал ыраазычылыгын билдирип, туулган күн өткөрүүгө кызыкпаганын, ошентсе да күндүз туулган күнүн үй-бүлөсүнүн жакшы сөздөрүн угуп алар менен өткөрсө, кечинде достору менен белгилей турганын билдирди.

Белгилей кетсек, Кайрат Примбердиев - орусиялык "Главная сцена" телешоусу менен "Голос" теледолбоорунун финалчысы.

Кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчысы.

Ал Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында төрөлүп, Талас районунун Көк-Ой айылында өскөн. Талас мамлекеттик университетинде сырттан окуган. Сахнага алгач Султан Садыралиев менен биргеликте аткарган "Арноо" аттуу ыр менен чыккан. Ырчы катары "Сагынганда", "Сүйүү аптабы", "Кандай немесиң?" жана башка ырлары менен таанылган.

Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

24-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: