super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-НОЯБРЬ: Ырчы Кубаныч Сатаев туулган күнүн Бишкектеги ресторандардын биринде белгилейт

 

Бүгүн, 24-ноябрда легендарлуу ырчы Чубак Сатаевдин уулу, ырчы Кубаныч Сатаев 36 жашка толду. Ырчы туулган күнүн достору менен белгилей турганын SUPER.KG порталына билдирди.

"Маанайым абдан жакшы. Туулган күнүмдү үй-бүлөм, досторум, жакын адамдарым менен биргеликте Бишкектеги ресторандардын биринде белгилейли деп жатабыз. Азыр даярданып жаткан убагыбыз", - деди ырчы.

Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Жубайым Кундузга Бишкектеги кафелердин биринде үйлөнүү сунушун киргизгем. Келинчегим "ойлонуп көрөйүн" деп бир топко жооп берген жок. Ой-боюна койбой эле макулдугун алдым.

Экөөбүздүн окшош жерлерибиз көп, мен ырчынын баласы, ал ырчынын кызы, сүйлөшө келсек оюбуз бир. Эки жылдын ичинде бири-бирибизди сынап отуруп үйлөнүүнү чечтик. Бактыма жараша, Кундуз мени бардык жактан колдоп келет".

  • Мурун мени Чубак Сатаевдин баласы деп айтышса, азыр Саламат Садыкованын күйөө баласы деп айтып калышты. Кээде аксакал кишилер өзүнө айта алышпай "кайненеңди жаш кезимде жакшы көрчүмүн, салам айтып кой" деп мага айтып калышат. Айтор, менде 2 жактан тең жоопкерчилик чоң.

Белгилей кетсек, Кубаныч Сатаев Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында туулган. Ал атасынын атын өчүрбөй, ырларын кайрадан жаңыртып элге тартуулап келет.

Учурда жубайы Кундуз Авашова экөө 3 уулдун ата-энеси.

24-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: