Бишкекте 30 миң сомго бааланган товарларды уурдаганга шектүү адам кармалды
"Бишкек шаарындагы дүкөндөрдөгү товарларды уурдаган" деген шек менен 1983-жылы туулган К.Константин аттуу жаран кармалганын Бишкек шаардык ИИБи билдирди. Маалыматка ылайык, кармалган жаран ушул жылы 17-октябрда Юг-2 кичи районундагы дүкөндүн терезесин сындырып, жалпы суммасы 25450 сомду түзгөн спирт ичимдиктерин жана тамекилерди уурдап кеткен. Ошондой эле ага "14-октябрда борбордогу Гагарин-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөн 4755 сомго бааланган азык-түлүктү уурдап кеткен" деген айып тагылууда.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.