super.kg logo

Бишкекте мамыны сүзгөн унаа экиге бөлүнүп кетти. Кырсыктан 26 жана 22 жаштагы жигиттер каза болду

 

Бишкекте Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жеңил унаа кырсыкка кабылып 2 адам каза болуп, дагы бир адам ооруканада. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Жылдыз Түлеевадан маалымат алдык.

Билдирүүгө ылайык, кырсык 24-ноябрда таңга жуук саат 4:00гө жакын шаардагы 7-Апрель көчөсүндө болгон. Анда Мерседес-Бенц жеңил унаасы мамыны сүзүп алып, унаа экиге бөлүнүп кеткен.

"Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган. Ал мамыны сүзгөндө унаасы 2ге бөлүнүп кеткен. Машинанын ичинде 3 жигит болгону белгилүү болду. Алар Чүй облусунун тургундары экендиги аныкталды. 26 жаштагы айдоочу жана анын жанында келе жаткан 22 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган. Дагы бир жүргүнчү дароо ооруканага жөнөтүлдү. Бул боюнча териштирүү иштери башталып, тергөө жүрүүдө. Анын жүрүшүндө кырсыктын келип чыгуу себептери белгилүү болот", - деди Түлеева.

Ал белгилегендей, кырсык орун алган учурда ал дарекке Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр, куткаруучулар жана "Тез жардам" кызматы келген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
24.11.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун,жакшы кабар жок.
24.11.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер видео фотосун жонотум эле силерге ватсапка
24.11.2018. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aza84,видеосу болсо жонотуп койчу иним отуп кетти
25.11.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hurem,мен озум тарткан Сурот видеону супердин ватсапына жонотуп койгом акыркы суроту дагы мен жибергем
24.11.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсыктын келип чыгуу себептери белгилуу эле да тунку саат 4то.
24.11.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каап чатак иш болуптур чырактай балдар омуру кыйылып ушу айдоочулук кубодукту катуу тартиптен отуп анан алуу жолдорун киргизиш керек болуп атат 3айда толук окуп экзамен тапшырып. Талаада деле биздин балдар авария болот озубуздун жерде дагы мисалы очный окуу арзаныраак анан окубай туруп куболук алуу ото кымбат кылып коюшса чыдап баары окушмак
24.11.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен авария бсо иий деп гана койчумун быйыл чырактай кл балам ушундай шалаакы айдоочунун айынан отуп кетти жаман жаман болушту ата энеси жалгыз гана уул эле... Жаткан жери жайлуу болсо экен
25.11.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машине экиге болунсо рамасы уланып жасалган го. Мерс экиге болунсо жаман эле болуптур. Жайлары жаннаттан болсун.
25.11.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Авариянын кобу танкы убакта болот, эмнеге? Анткени кочо бош, движение жок, анан айдоочулар учуруп катуу ылдамдыкта айдашат. Ушундай танкы убакта тунку клубдан чыгып, машинаны учуруп айдап келаткан 20 жаштагы мас абалындагы бала менин иним отурган машинаны сузуп инимди олтургон, иним бейкапар жумушуна кетип бараткан. Тигил мас 20 жаштагы бала аман калды, мен аны омурум откончо каргап, жек коруп отом...
25.11.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы жаштардын опкосу жок, машина аз жерде каттуу айдашат, Праваны бергенде акчага эмес как положно окутуп экзамен тапшыртып отпой калса дагы тапшыртып дагы отпосо дагы тапшыртып 3жолу экзамен менен анан бериши керек,азыркы жаштар бут сатып алат анан жол эрежесин билбей кырсык коп болот,
26.11.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катуураак айдагыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: