super.kg logo

18 миң жасалма евро менен Тажикстанда кармалган орусиялык жаран акчаны Кыргыз өлкөсүнөн алганын айтты

 

Тажикстандын Согди облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ири суммадагы жасалма акчаны алып жүргөн орусиялык жаранды кармады. Мындай маалыматты Тажикстандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып бир катар чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта жазылгандай, Орусиянын Новосибирск шаарынын Роман Виданов аттуу 39 жаштагы жашоочусу Тажикстандын аймагына 18 миң жасалма евро менен кирген. Ал Согди облусунун Бобожон Гафуров районундагы банктардын биринен 5 миң еврону алмаштыргандан кийин тартип сакчылары тарабынан кармалган.

"Виданов кармалган учурда жанынан ар бири 500 евролук 36 купюра табылган. Аларды чыныгы евродон айырмалоо кыйын болчу. Анын буга чейин Орусиянын аймагында уурулукка айыпталып 2 жолу соттолгондугу жана жасалма акча чыгарып аны айландыруу менен алектенген улуттар аралык кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги аныкталды.

Сурак учурунда Виданов жасалма евролорду Кыргыз өлкөсүнөн алганын, аны Тажикстанга Исфара аркылуу алып өткөнүн айткан. Шектүүгө карата Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (жасалма акчаларды же жасалма баалуу кагаздарды даярдоо, айландыруу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
24.11.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына сага
24.11.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
ооба эми, эн момуну кыргыз деп кыргызга шылтап салды да
24.11.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кайсыл жерден алганын айтсын анда, далил берсин
24.11.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орустан досун болсун жанында айбалтан болсун
25.11.2018. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор бирок чындыгында берет жасалма акча менин башыма келген ошондой 1000сом берген жасалма калганы нормальный анан дагын бир жолу майда акча берип 400сом кем берди кайра берсем устуно кошту эле 600сом жетпей калды уйго келсем
26.11.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
xnurgul_gul,кайсы мектепти бутконсун?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: