super.kg logo

Самара Каримова 1 күн жетектеген Ош шаарындагы музыкалык окуу жайдын башчылыгына дайындалган Нурлан Каримов: "Моюнумда чоң жоопкерчилик турат"

 

Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга Нурлан Каримов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык маданият башкармалыгынан кабарланган.

Маалыматка ылайык, 39 жаштагы Нурлан Каримов 23-ноябрда жамаат менен тааныштырылды. SUPER.KG порталы окуу жайдын жаңы жетекчиси менен сүйлөшкөндө "Күнү-түнү иштей турган жер" экендигин айтты.

"Ооба, өткөн аптанын жума күнү жамаат менен тааныштым. Бүгүн мына жекшемби, азыр да ушул жерде иштеп жатам. Жума күндөн бери эле дем алыш экенине карабай иштөөгө туура келип жатат. Себеби өзүңүздөр билесиздер, буга чейин окуу жайдан өрт чыккан. Класстарда сабак өтүүгө мүмкүн эмес болуп калыптыр, капкара ыш. Бүгүн жатаканадагы айрым бөлмөлөр мурда сабак өткөн класс катары пайдаланылчу экен, ошолорду актап, оңдоп-түздөп жатабыз. Студенттерди убактылуу бул жакка көчүрүп турабыз.

Мындан тышкары окуу жайдын жаңы имаратынын архитектуралык долбоору түзүлгөн экен, бирок анын жанында май куюучу жай турат. Бул кооптуу да, мындан улам ал май куюучу жайды алдырабызбы, айтор кооптуулугун чечиш керек. Окуу жай чарба жагынан абдан аксайт экен, эшиктин кармагычтарынан тартып эмеректерге чейин эски, алмаштырууга муктаж. Эмеректер 70-80-жылдары берилген, музыкалык аспаптар эскиргени эскирип, күйгөнү күйүп кетиптир. Айтор абдан чоң жоопкерчилик моюнумда турганын билем", - деди ал.

Ошондой эле Каримов окуу жайда мугалимдер жана техникалык кызматкерлерди кошкондо жамаатта 100дөй киши эмгектенерин белгиледи. Жогоруда айтылган мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн бир катар мекемелерге кайрылууну пландап жатканын кошумчалады.

Нурлан Каримов буга чейин Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматында иштеген.

Айта кетсек, буга чейин Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова жетекчи болуп дайындалган. Буйрук ушул жылдын 24-октябрында чыгып, ал эмгек жамааты менен расмий түрдө тааныштырылган болчу. Бирок 1-ноябрда маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов ал буйрук жокко чыгарылганын билдирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
25.11.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жон гана ошол жердин эмгеги синген мугалимдеринен дайындап коюу ушунчалык кыйынбы
25.11.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Каримова кетсе Каримов келиптир да. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт))))
25.11.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Самара Каримова 1 күн жетектеген .... деп кошуп кетиш керек экен да ээ. Сенсация үчүн керекпи... Жөн эле Н. Борошев атындагы окуу жайга директор дайындалды десе болбойбу...
25.11.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
tynara81,туура айтасын,эми кайра кайра чукуп не кереги бар.
25.11.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
tynara81,жон эле Борошев атындагы десе , эл окубайт. Самаро хон десе эл окуйт имиш

25.11.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Самара жакшы элесинби өзүнү карма эми Аскени жыгып алба. А жаңы жетекчиге баардык жагынан ийгилик каалайм
25.11.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тойгоздунар го, как будто 10 жыл жетектеп гүлдөтүп кеткенсип...
25.11.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мына жетекчинин сөзү,ишинизге ийгилик каалайбыз жакшы иштеп бериниз эми
25.11.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баягы жалгаз уя деген ырдын клибиндеги кишиби
25.11.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Иши кылса Каримовдор экен.Тууган эмеспи.
25.11.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул Самаштын агатайы эмеспи?
26.11.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nelli, жок агатайы эмес Самаш Баткен тараптан болсо керек а бул Озгондун кулуну.
26.11.2018. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атайын издеп тапкандай го Аске.
26.11.2018. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми жанылык болсо эле Самара Каримова 1 кун отуруп кеткен, жатып кеткен, кармап кеткен деп жаза бересинерби, башында жакшы ырдайт деп ырларын укчу элем кийинки кундору кыжырым келе баштады атын уксам эле
26.11.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Мен тааныйм бул кишини,кыйратпайт ,кайра Самара татыктуураак буга Караганда,коросунор го.
26.11.2018. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
barakcha, Boha1, Malik92, Azatbek.Svoboda.,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Azatbek.Svoboda.,
Кайталап эреже бузгандыгыңыз үчүн БАНга!
26.11.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билбейм Самара айтыптыр эле гулдотуп иет элем деп а бирок бир да мындай кемчиликтери бар экен деп айтпаган экен. А бул кемчиликтерин айтып ондоону баштадык дептир эми ушул боюнча кетсего жакшы бут тосуулар болуп кетпесе эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: