super.kg logo

"Ал оозума акчаны салып, сабады". Орусиялык модель Кира Фокс күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн айтып чыкты

 

Орусиялык белгилүү модель Кира Фокс продюсери, күйөөсү Игорь Черкасскийден кордук көргөнүн айтып чыкты. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, ал бир нече айдан бери зомбулук көрүп келген, бирок жумушун жоготуп алуудан, башкалардын сын айтуусунан чочулап бул абалын жашырып жүргөн.

Модель өзүнүн билдирүүсү көп жакка тарашын каалагандыгын билдирген. Муну менен ал күйөөсү жоопкерчиликтен кача албай калат деп ойлойт.

"Менин күйөөм Игорь Черкасский мени Кытай менен олуттуу келишимдердин бирин түзөрдө абдан катуу сабады. Андан кийин 2 жума бою денемден көк ала тактар кетпей, бутумдагы кесилген жерлерден тактар калды. Мен дээрлик эсимди жоготуп жатканда оозума акчаны салып алып, ич кийимимди чечип зордуктоого аракет кылды. Улам-улам мага "сен сойкусуң, дайыма менин көзүмө чөп саласың, а мен болсо сени сүйөм" деп кыйкырып жатты", - деген ал өзүнүн билдирүүсүндө.

Ошондой эле ал күйөөсүнө "Тез жардам" чакырууну айтып суранганын, бирок ал андан баш тартканын кошумчалаган. Кийин коңшулар аркылуу "Тез жардам" чакыртып, аны ооруканага алып кетишкен.

"Эми элестетип көрүңүздөр, мен ооруканада үйдө кийип жүргөн көйнөкчөн, ич кийимсиз денемдин баары кан болгон, шишиген бетим менен турам. Аябай уялдым, корктум. Дарыгерлер болсо мага сойкуга мамиле жасагандай сүйлөп жатышты", - деп жазган Фокс.

Ошондой эле ал полициядан да оңдуу жардам ала албаганын, ооруканадан чыккандан кийин 2 айдай күйөөсү менен жашаганын кошумчалаган. Күйөөсү бул убакыт аралыгында ага экөөнүн жаңжалы тууралуу эч кимге билдирбөөнү, эми баары жакшы болорун айтып жүргөнүн белгилеген.

Моделдин билдирүүсүндө Черкасский "мындай маалымат тараса мурунку аялым балам менен жолугушууга тыюу салат" деген. Айрым маалыматтар боюнча, анын күйөөсү Инстаграмдагы баракчасын өчүрүп салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
25.11.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Куйон бар болсо угуп жаша
25.11.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Жаман болуп байкушка.мен болсом куйоосунун чачын сакалын битта битта жулат елем
25.11.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кандай болгон кундо да эркек эч качан аяалына кол которбошу керек. Ал да бироонун кызы. Аялдар алсыз келет.
25.11.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Fortuna1987,туура айтасын братан
25.11.2018. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Rembo2018, "братан" эмес "эже"
26.11.2018. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nargiz94,"эже братан":))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: