Астанада дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы кыздын жансыз денеси кудуктан табылды
Ушул жылдын 24-ноябрында Астана шаарында 2004-жылы туулган кыз үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал акыркы жолу ошол күнү саат 16:00дөрдө жакындарына байланышка чыкканын жергиликтүү маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-ноябрда өспүрүм кыздын жансыз денеси шаардагы суу өткөрүүчү кудуктардын биринен табылды. Ал табылган люктун үстү ачык болгон. Куткаруучулар кудуктан жансыз денени алып чыгышкан.
Азырынча өспүрүм кыздын өлүмүнүн себеби белгисиз экендиги жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.